КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 31-декабры № 627-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 519-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 2015-жылдын 18-22-январында Женева шаарында (Швейцария) БУУнун Адам укугу боюнча кеңешинин УМСинин жумушчу тобунун 21-сессиясына универсалдуу мезгилдүү серебинин жол-жобосу боюнча Кыргыз Республикасынын Экинчи улуттук докладын берүүчү делегациянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович
| - Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; |
Усманова Людмила Юрьевна
| - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Шатенов Айбек Аубекирович
| - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик соттук экспертиза борборунун директорунун орун басары; |
Джусубалиева Жамбы Кубатбековна
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин катчылыгынын эксперти (макулдашуу боюнча). |
Премьер-министр |
|