РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабрындагы № 627-б (КР Өкмөтүнүн 2014- жылдын 20-ноябрындагы № 519-б буйругуна толуктоо киргизүү жөнүндө) буйругу.

Редакция31.12.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 31-декабры № 627-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 519-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 2015-жылдын 18-22-январында Женева шаарында (Швейцария) БУУнун Адам укугу боюнча кеңешинин УМСинин жумушчу тобунун 21-сессиясына универсалдуу мезгилдүү серебинин жол-жобосу боюнча Кыргыз Республикасынын Экинчи улуттук докладын берүүчү делегациянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Шыкмаматов Алмамбет Насырканович

 

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;

Усманова Людмила Юрьевна

 

- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Шатенов Айбек Аубекирович

 

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик соттук экспертиза борборунун директорунун орун басары;

Джусубалиева Жамбы Кубатбековна

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин катчылыгынын эксперти (макулдашуу боюнча).

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев