Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 26-декабры № 553
Көмүскө экономиканын деңгээлин азайтууга багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча 2015-2017-жылдарга карата иш-чаралар программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары -ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча 2015-2017-жылдарга карата иш-чаралар программасынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга тармактык ведомстволор аралык жумушчу комиссияларды түзүүгө, зарыл болгон учурда министрликтердин, административдик ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча 2015-2017-жылдарга карата иш-чаралар программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич
| -Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси; |
Момуналиев Нурханбек Сакенович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мучөлөрү:
Чуйков Николай Алексеевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Жумабеков Жоомартбек Кожомуратович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы; |
Джакыпов Кылыч Джумалиевич | - Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Азимов Алмаз Курбаналиевич | - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Керималиев Жаныбек Калканович
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Каденова Зууракан Ажимаматовна
| - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; |
Темирбекова Айнура Кубанычбековна
| - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Касмалиева Светлана Кадыровна
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңепшнин Аппаратынын Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бөлүм башчысы (макулдашуу боюнча); |
Калыев Самат Алмазбекович
| - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы Антикоррупциялык кызматтын директорунун орун басары; |
Жеңиш Нурбек | - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары макулдашуу боюнча); |
Байжуманов Джанбулат Байжуманович | - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Кадыркулов Мукай Асанович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасыньн биринчи орун басары; |
Айдралиева Расым Шаршекеевна
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Муратбеков Женишбек Алимбекович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары; |
Омурзаков Арсланбек Анарбекович | - Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары; |
Абжапаров Тенизбек Жусупбекович | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары; |
Усубалиев Муратбек Алишерович
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Иманалиев Данияр Шаршенбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн интеграциялык процесстер жана макроэкономика боюнча секторунун башчысы; |
Карагулова Айдай Нурдиновна | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти; |
Асаналиев Адилет Талантбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык бөлүмүнүн эксперти; |
Мурзакматов Ынтьмак Нурболотович | - Кыргыз Республикасынын Аппаратынын социалдык бөлүмүнүн эксперти; |
Сагындыков Турат Арстанбекович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн эксперти; |
Юсупов Эмил Джайнакович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти; |
Ормотоев Эрмек Джакшылыкович
| - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишкердик жүргүзүү башкармалыгынын начальниги; |
Давлеталиев Бакыт Сапарович
| - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишкердик жүргүзүү башкармалыгынын ишкердикти контролдоо жана көзөмөлдөө секторунун башкы адиси; |
Давлеталиев Амангельды Сатарович
| - Кыргыз Республикасынын Соода-Өнөр жай палатасынын биринчи вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Пономарев Сергей Васильевич
| - Кыргызстандын базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча). |