Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 24-декабры № 542
1. 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралууга тийиш болгон негизги маселелердин тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилери 10 жумушчу күндүн ичинде ушул буйрук менен бекитилген маселелерди иштеп чыгышсын жана аларды даярдоонун кадамдык пландарын бекитишсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун Аппаратына киргизишсин.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралуучу маселелерди даярдоо тапшырылган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын (демилгечилер) жетекчилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорунун сапаты жана өз убагында берилиши үчүн жекече жоопкерчилик тартыша тургандыгы;
- ушул буйрук менен бекитилген маселелерди негизсиз себептер менен алып салгандыгы үчүн жооптуу мамлекеттик органдын жетекчисине карата тартиптик жаза чара көрүлө тургандыгы.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
2015 – жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында карала турган негизги маселелердин тизмеги
№ | Маселелердин аталышы | Маселени даярдоо үчүн жооптуу органдын аталышы | Баяндамачы | Маселелерди өз убагында даярдоону контролдоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмүнүн аталышы |
2015 жылдын 23 – январы
№ | 2015-жылы айыл чарба иштерин жүргүзүудө Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрун мамлекеттик колдоо жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри | Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмү |
2015 - жылдын 20 – февралы
1 | 2014-жылдын январь-декабры үчүн Кьргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика министри | Экономика жана инвестициялар бөлүмү |
2 | Кыргыз Республикасында кен казып алуу өнөр жайын өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика министри | Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмү |
3 | 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүктүрүүгө Кыргыз Республикасынын өтүшүнө карата программыны ишке арышуу боюнча 2015-жылга Иш-чаралар планынын долборуу жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика министри | Экономика жана инвестициялар бөлүмү |
4 | 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика министри | Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалар бөлүмү
|
5 | Өзүн-өзү каржылоо принцибине өткөрүүгө сунушталган мамлекеттик жогорку окуу жайларынын тизмегин бекитүү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | Кыргыз Республикасьнын Билим берүү жана илим министри | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү
|
2015-жылдын 27-марты
1 | "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
| Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри | Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалар бөлүмү |
2 | 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри. Тең баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри | Экономика жана инвестициялар бөлүмү, тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөр
|
3 | Көмүскө экономиканын деңгээлин кыскартуу | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри. Тең баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри | Экономика жана инвестициялар бөлүмү, тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөр |
4 | Региондук өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри | Экономика жана инвестициялар бөлүмү, тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөр |
5 | 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика министри | Мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмү |
6 | "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри | Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмү |
2015-жылдын 24-апреля
1 | 2015-жылдын январь-март айлары үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүунүн жыйынтыктары жөнүңдө | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика министри | Экономика жана инвестициялар бөлүмү |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрындагы № 678 токтому менен бектилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору
| Уюштуруу- инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлумү |
3 | Саламатык сактоонун айрым адистептирилген мекемелерин Бирдиктүү төлөөчү тутумуна которуу жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри
| Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү
|
4 | Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүн реформалоо концепциясын бекитүү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
| Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри
| Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү
|
5 | 2015/2016-жылдьн күзгү-кышкы мезгилине Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын даярдоо жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри | Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмү |
6 | Бажы союзуна кирүүдө сүт тармагын өнүктүрүү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри | Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмү |
2015-жылдын 22-майы
1 | Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарандык коом менен өз ара аракетинин механизми жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри | Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалар бөлүмү |
2 | Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугунун абалы жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри | Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалар бөлүмү |
3 | "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги
| Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри
| Социалдык өнүктүрүү бөлүмү |
4 | Ош шаарынын башкы планын кароо жөнүндө
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору | Региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмү
|
2015-жылдын 19-июну
1 | 2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика министри | Экономика жана инвестициялар бөлүмү |
2 | Чет өлкөлөрдө иштеген эмгек мигранттарынын социалдык укуктук абалы жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри
| Социалдык өнүктүрүү бөлүмү |
3 | "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамыньн аткарылышы тууралуу | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри
| Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү
|
4 | 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин Иш-аракеттер пландарынын/мил-деттенмелеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери
| Уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү
|
5 | Муниципалдык жана жеке ветеринардык врачтардын ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү жөнүндө
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору | Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмү
|
6 | Кыргыз Республикасында эркин экономикалык зоналардын иштөө натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика министри | Экономика жана инвестициялар бөлүмү |
7 | "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономика министри | Экономика жана инвестициялар бөлүмү |