Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 16-января № 11
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) 2015-жылдын 19-23-январында өтө турган кезектеги жыйынына катышуу үчүн комиссиянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын 2015-жылдын 19-23-январында Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өтө турган кезектеги жыйынына катышуучу комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы
Искандаров К.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкулү, делегациянын жетекчиси; |
Катанаев А.Г. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору; |
Касмалиев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Момбеков А.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Ботобаев К.К. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Урманбетов Б.Ж.* | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чектеш өлкөлөр департаментинин биринчи катчысы; |
Камбаралиев Б.К. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы башкармалыгынын улук офицери; |
Жакыпов Б.М. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги; |
Мандычев Н.И. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедиция начальниги; |
Иманалиев Н.Р.* | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын кыргыз комплекстүү аэрогеодезиялык экспедициясынын партиясынын начальниги. |
Эскертүү: (*) - тартылган адам.