Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 22-январы № 13-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка карты күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) менен Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин ортосундагы Экономика чөйрөсүндөгү кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген расмий тилдеги долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мумкүндугүн эске алуу менен жактырылсын.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) менен Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин ортосундагы Экономика чөйрөсүндөгү кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) жана Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлиги, мындан ары "Тараптар" деп аталат,
экономика чөйрөсүндөгү, анын ичинде банк жана насыя - финансы чөйрөсүндөгү кьшмыштуулукка каршы күрешүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү, экономика чөйрөсүндө жасалган кылмыштар аркылуу табьшган кирешелердин изин жашырууга (легалдаштырууга) каршы өз ара аракеттерди күчөтүү максатында, темөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Тараптар кызматташууну төмөнкүдей жолдор менен жүзөгө ашырат:
1) мамлекеттик сыр деп эсептелген маалыматтан тышкары экономика чөйрөсүндөгү кылмыштарга тиешелүү болгон маселелер боюнча маалымат алмашуу, сырткы соода жана экспорттук-импортттук операциялар боюнча маалымат алмашуу, статистикалык маалымат алмашуу;
2) экономика чөйрөсүндөгү кылмыштардын алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу жана ачуу боюнча иш-чараларды өткерүү;
3) экономика чөйрөсүндөгү кылмыштардын алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу жана ачуу боюнча иш тажрыйбасы менен бөлүшүү, ошондой эле окуу, усулдук жана атайын адабияттарды алмашуу;
4) биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, семинарларды жана конференцияларды уюштуруу;
5) кадрларды даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга кемөк көрсөтүү;
6) экономика чөйрөсүндөгү ишти жөнгө салуучу ченемдик актыларды суроо талап боюнча берүү;
7) материалдык-техникалык базаны камсыздоо боюнча өз ара жардам көрсөтүү;
8) мамлекеттин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан улуттук мыйзамдарга, мамлекеттер аралык макулдашууларга жана эл аралык укуктун башка ченемдерине каршы келбеген чечим кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын аймактарында экономика чейрөсүндө жасалган кылмыштардын кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтурууга көмөк көрсөтүү (активдерди камакка алуу);
9) мамлекеттин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан улуттук мыйзамдарга, мамлекеттер аралык макулдашууларга жана эл аралык укуктун башка ченемдерине карты келбеген чечим кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын аймактарында экономика чейрөсүндө жасалган кылмыштарды аныктоо, аларга бөгет коюу жана иликтөө боюнча жүргүзүлгөн издөө жана башка ыкчам-издөө амалдарына көмөк көрсөтүү;
10) экономика чейрөсүндө жасалган кылмыштар аркылуу табылган кирешелердин изин жашырууга (легалдаштьфууга) карты ез ара аракегтерди күчөтүү;
11) зарыл учурларда макулдашуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топторду түзүү.
2- берене
Ушул Макулдашууну аткарууга байланыштуу чыгымдарды ар тарап ез мойнуна алат.
3- берене
1. Бул Макулдашуунун алкагындагы кызматташуу кызыкдар Тараптын көмөк көрсөтүү жөнүндө суроо-талабын же башка Тарап мындай көмөк көрсөтүүге кызыкдар деп эсептеген Тараптын демилгесинин негизинде жүргүзүлөт.
2. Жардам берүү тууралуу суроо-талап жазуу түрүндө жөнөтүлет. Суроо-талапты жиберүү үчүн телекоммуникациянын заманбап каражаттары да пайдаланышы мүмкүн.
3. Суроо-талапты аткаруу мөөнетү 30 күн.
4- берене
1. Эгерде суроо жиберилген Тарап суроо-талаптын аткарылышы анын мамлекетинин эгемендигине, коопсуздугуна, коомдук тартибине жана башка маанилүү кызыкчылыктарына зыян келтирет, же анын мамлекетинин мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине каршы келет деп эсептесе ушул Макулдашуунун алкагында жардам берүүдөн толугу менен же айрым бөлүктөрүнөн баш тартышы мүмкүн.
2. Суроо жиберген Тарапка жардам берүүдөн толугу менен же айрым бөлүктөрүнөн баш тартылгандыгы жана анын себептери жөнүндө жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүлөт.
5-берене
1. Суроо жиберилген Тарап суроо-талапты мүмкүн болушунча толук жана тез аткарылышын камсыздоо боюнча баардык тийиштүү чараларды көрөт.
Өтүнүчтү аткаруу учурунда пайда болгон же суроо-талапты аткарууну токтотуп жаткан тоскоолдуктар жөнүндө суроо жиберген Тарапка 10 күндүн ичинде билдирүү жөнөтүлөт.
2. Суроо-талапты аткаруу боюнча аракеттер суроо жиберилген Тараптын компетенциясына таандык болбосо, суроо жиберген Тарапка 10 күндүн ичинде билдирүү жөнетүлөт.
3. Суроо жиберилген Тарап эгерде бул жиберген Тараптын кызыкчылыгына зыян келтирбесе суроо талапты тийиштүү түрдө аткаруу үчүн керек деп эсептеген кошумча маалыматтарды суроо-талаптын предметинин (объектинин) чегинде сурап алууга укуктуу.
4. Эгерде суроо жиберилген Тарап суроо-талапты дароо аткаруу кылмышты жазалоого же анын мамлекетинде жүргүзүлүп жаткан башка өндүрүшкө тоскоолдук кылат деп эсептесе, ал суроо-талаптын аткарылышын кийинкиге калтырса болот, же суроо-талаптын аткарылышын суроо жиберген Тарап менен өткөрүлгөн кеңешүүлөрдө зарыл деп аныкталган шарттардын сакталышына байланыштырат.
Суроо жиберген Тарап жардамдын сунушталган шарттар боюнча берилишине макул болсо анда ошол шарттарды аткарууга тийиш.
5. Суроо жиберилген Тарап өтүнүч боюнча суроо-талаптын сырын, мазмунун жана тиркелген документтердин жашырын маалымат катары сакталышын камсыздоо менен жардам көрсөтүү боюнча баардык тийиштүү чараларды көрөт.
Эгерде суроо-талапты аткарууда жашырындыкты сактоого мүмкүн болбосо, суроо жиберилген Тарап суроо жиберген Тарапка тийиштүү билдирүү жөнетөт да, суроо жиберген Тарап суроо-талапты бул шарттар боюнча аткаруу зарылдыгын чечет,
6. Суроо жиберилген Тарап суроо жиберген Тарапка мүмкүн болушунча кыска мөөнөттүн ичинде суроо-талапты аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты жиберет.
6-берене
1. Эгерде өтүнүчтү аткаруунун жыйынтыгында алынган маалымат, документтер жабык мүнөздө болсо же аларды берген Тарап аларды ачыкка чыгарууну каалабаса, анда ар бир Тарап экинчи Тараптан алган маалыматтын жана документтердин жашырын маалымат катары сакталышын камсыздашат. Мындай маалыматтын жашырындык деңгээли маалымат берген Тараптын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
2. Ушул Макулдашуунун негизинде алынган суроо-талапты аткаруунун жыйынтыктары суроо жиберген Тараптын макулдугу болбосо суралган жана берилген максаттардан башкаларга пайдаланылбайт.
3. Ушул Макулдашуунун негизинде алган маалыматты үчүнчү Тарапка берүү үчүн маалыматты берген Тараптын макулдугун алуу зарыл.
7-берене
Ушул Макулдашуунун негизинде кызматташууну бекемдөө жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Тараптардын өкүлдөрү зарыл учурда жумушчу жолугушуулар менен кеңешүүлөрдү өткөрүшөт.
8-берене
Тараптардын ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө же колдонууга байланышкан кайчы пикирлери өз ара кеңепгүү жана сүйлөшүү аркылуу чечилет.
9-берене
Эгерде башкача тартип макулдашылбаса, ушул Макулдашууну жүзөгө ашырууда болгон чыгымдарды ар бир Тарап өз алдынча көтөрөт.
10-берене
Ушул Макулдашуунун алкагында кызматташууну жүзөгө ашырууда Тараптар орус жана кытай тилдерин колдонушат.
11-берене
Ушул Макулдашууга өзгөртүүлер жана толуктоолор Тараптардын өз ара макулдугу менен Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор аркылуу киргизилиши мүмкүн.
12-берене
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана бир Тарап Макулдашуунун аракетин токтотуу жөнүндө экинчи Тараптан жазуу түрүндө билдирүү алган күндөн тартып үч айга чейин күчүндө болот.
_____ шаарында 201_____-жылдын "____"________ баардык текстгери бирдей юридикалык күчкө ээ болгон, кыргыз, кытай жана орус тилдеринде ар бири эки түп нускада аткарылды.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда Тараптар орус тилинде жазылган текстке
кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) атынан
| Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин атынан |