Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2008-жылдын 15-сентябры № 353
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги заседаниесине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү тиркемеге ылайык курамда 2008-жылдын 22-28-сентябрында Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен белгиленген тартипте төлөнсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 15-сентябрындагы № 353 буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын 2008-жылдын 22-28-сентябрында Алматы шаарында болуучу заседаниесине катышуучу кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Аламанов С.К. -
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жетекчиси;
|
Асаналиев Э.А. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси;
|
Умурзаков М.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн эксперти;
|
Ботобаев К.К. | - "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун бөлүм башчысы;
|
Матыев А.М. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тобунун экинчи секретары;
|
Жолчиев М.С. | - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын улук офицери;
|
Осипов С.А. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажылык күзөт башкармалыгынын башкы инспектору;
|
Катанаев А.Г. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары;
|
Сүйөркулов З.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезия- лык кызматынын башкы инженери;
|
Дисковский В.Л. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезия-лык кызматынын бөлүм начальниги;
|
Андреев О.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезия- лык кызматынын экспедициясынын башкы инженери;
|
Чернявский В.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезия- лык кызматынын экспедиция партиясынын начальниги.
|