Редакцияот 13.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 13-февралы № 38-б 

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Т.Д.Сарпашевдин 2015-жылдын 17 - 23-февралында Германия Федеративдүү Республикасына боло турган жумушчу визитине байланыштуу:

1.  Делегация тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2.  Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

 Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Т.Д.Сарпашевдин 2015-жылдын 17 - 23-февралында Германия Федеративдүү Республикасына жумушчу визитинин алкагындагы делегациянын курамы

 

Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич

- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;

Догоев Дастан Давлетович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу            Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;

Бекташов Талантбек Изатиллаевич

 

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын калкты документтештирүү чөйрөсүндө саясатты ипггеп чыгуу боюнча бөлүмүнүн башчысы;

Джолбунов Айбек Рыспекович

 

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын борбордук аппаратынын долбоорду ишке ашыруу боюнча бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча).