Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРИМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 12-февралы № 33
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ишин текшерүү боюнча тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
2. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ишин текшерсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте аткаруу бийлигинин органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле мамлекеттик органдардан зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүңүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ишин текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Каримбеков А.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси; |
Капаров А.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору; |
Андашева Н.Д.
| - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын мыйзамдуулукка мониторинг жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Джунушев Э.Б.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын бөлүмүнүн оперуполномоченныйы; |
Курманалиев А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын улук офицери (макулдашуу боюнча); |
Сатиев К.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы штабынын башкы инспектору; |
Абакиров Э.К. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгынын улук оперуполномоченныйы; |
Карыпбеков УК.
| - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Корруппияга каршы кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперуполномоченныйы; |
Автандилов У.А. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын улук оперуполномоченныйы; |
Ажибраимова Ч.А. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин бөлүм башчысы. |