Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 16-февраля № 36
Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алып, тендердин жеңүүчүсү болгон компания менен түзүлүүчү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ("Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун долбоорун толуктап иштеп чыгуу боюнча сунуштамаларды киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-августундагы № 363-6 буйругу менен түзүлгөн тендердик комиссиянын төрагасы тендердин жеңүүчүсү болгон компания менен түзүлүүчү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында*,"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун долбоорун талдоо жүргүзүү жана анын мазмуну боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте берсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2015-жылдын 2-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алып, тендердин жеңүүчүсү болгон компания менен түзүлүүчү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун долбоорунун ченемдерине талдоо жүргүзсүн жана зарылдыгына жараша аны толуктап иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуштарды киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте-мамлекеттик органдардын, ишканалардын жана уюмдардын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди тартууга уруксат берилсин.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин. административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы туруктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрапиялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды беришсин жана анын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
6. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-методикалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Курманова Айдай Эркиновна | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы, жумушчу топтун жетекчиси. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Абдирасулова Азиза Папановна | - «Кылым Шамы» укук коргоо борборунун башчысы (макулдашуу боюнча); |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Бешимов Аскар Джолчубекович | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Таштанов Нуржан Анарбаевич | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу; |
Исмаилов Сайдахмат Аблезович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Сагымбаев Абдисамат Акимович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин статс-катчысы; |
Сатывалдиев Калыбек Ажибекович | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; |
Сырдыбаев Суйюнбек Мадылбекович | - «Кыргыз парламентарийлери коррупцияга карты» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Уезбаев Улан Калмырзаевич | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Чоткараев Дуйшебек Озоновоич
| - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары. |