Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 17-февралы № 43-б
2015-жылдын 24-26-февралында Женева шаарында (Швейцария) өтө турган БУУнун аялдарга карата кодулоонун бардык формаларын жоюу боюнча комитетинин 66-сессиясында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-декабрындагы № 872 токтому менен жактырылган Аялдарга карата кодулоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун Конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын төртүнчү мезгилдүү баяндамасын берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын делегациясынын Женева шаарына (Швейцария) баруусу жана келүүсү менен байланышкан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын делегациясынын Женева шаарына (Швейцария) баруусу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Куйкеев Э.А. (*) | - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министринин орун басары, расмий делегациянын жетекчиси; |
Ешходжаева А.С. | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Искакова Г.Т. | - Кыргыз Республикасынын Швейцария конфедерациясындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Осмонова А.С. (*) | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин кеңешчиси; |
Бейшеева Н.Д. (*) | - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Аманжолова К.Б. (*) | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзамдан келип чыгуучу актылардын долбоорлорун экспертизалоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси. |
(*) Иш сапар чыгымдары эл аралык уюмдардын эсебинен төлөнөт.