Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 18-февралы № 47-б
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 622-б, 2016-жылдын 18-мартындагы №108-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн материалдык-техникалык камсыздоо жана күжүрмөн даярдык маселелерин чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айыл аймагында жайгашкан (№ 608 контурдагы) жалпы аянты 10,4 га "Байтик" аэродромун (учуу-конуу тилкеси) максаттуу багыты боюнча пайдалануу үчүн кабыл алсын;
- "Байтик" аэродромун (учуу-конуу тилкесин) тиешелүү кармоону жана пайдаланууну камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жогоруда аталган объектти мамлекеттик менчикке кабыл алууну камсыз кылсын;
- "Байтик" аэродромун (учуу-конуу тилкесин) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан аткарылуучу милдеттерди чечүү үчүн тоскоолдуксуз пайдаланууну камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 622-б, 2016-жылдын 18-мартындагы №108-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| Дж.Оторбаев |