Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-декабры № 622-б
Жер үстүндөгү авиациялык-техникалык базаны түзүү, аны материалдык-техникалык жактан камсыздоо, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга даярдыгын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-февралындагы № 47-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1-пунктунда:
"Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- "Байтик" аэродромун (учуу-конуу тилкесин) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан аткарылуучу милдеттерди чечүү үчүн тоскоолдуксуз пайдаланууну камсыз кылсын.".
Премьер-министр | Т.А. Сариев |