Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 21-февралы № 47
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйыны Бишкек шаарында 2015-жылдын 23-27-февралында өткөрүлсүн.
2. Аталган жыйынга катышуу үчүн Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү тартылган адамдар менен кошо тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүгө байланышкан чыгымдар чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек араны делимитациялоого жана демаркациялоого каралган каражаттардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын Бишкек шаарында 2015-жылдын 23-27-февралында өтөтурган кезектеги жыйынына катышуучу кыргыз бөлүгүнүн курамы
Искандаров К.А.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчиси; |
Катанаев А.Г.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору; |
Касмалиев А.К.
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Момбеков А.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Ботобаев К.К.
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Урманбетов Б.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чектеш өлкөлөр департаментннин биринчи катчысы; |
Махмутов Р.А | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын улук офицери; |
Жакыпов Б.М. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги; |
Мандычев Н.И. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедициясынын начальниги; |
Иманалиев Н.Р.*
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын кыргыз комплекстүү аэрогеодезиялык экспедициясынын партиясынын начальниги. |
Эскертүү: (*) - тартылган адам