КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-декабрындагы № 517-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 27-февралы № 58-б
Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүчү жактарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган заманбап инфратүзүмдү түзүү, республиканын чек ара жанындагы райондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн (мындан ары - МЖӨ) алкагында мамлекеттик өнөктөш катары төмөнкүлөр аныкталсын:
Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылынан 39 км, "Торугарт" өткөрмө пунктунан ПО км алыстыктагы "Аэропорт" жергесинде бажы-логистикалык комплексти куруу боюнча;
- Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Өкметүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы - "Эркеч-Там" өткөрмө пунктунан 60 км алыстыктагы Сары-Таш айылынын аймагында бажы-логистикалык комплексти куруу боюнча.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы жана Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясы белгиленген тартипте:
- МЖӨнүн алкагында бажы-логистикалык комплекстерди куруу боюнча жогоруда аталган долбоорлорду демилгелөө үчүн мыйзамдарда талап кылынган жол-жоболорду аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин корутундуларын эске алуу менен жогоруда аталган долбоорлорду мындан ары ишке ашыруу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы жана Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан МЖӨнүн алкагында жогоруда аталган долбоорлорду демилгелөө жөнүндө даярдалган сунуштарына экспертиза жүргүзсүн жана бир жумалык мөөнөттө өзүнүн корутундусун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына жана Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясына жиберсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына жана Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясына МЖӨнүн алкагында жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашыруудагы тобокелдиктер жөнүндө корутундуну белгиленген тартипте берсин,
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|