Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 1-декабры № 517-б
Мамлекеттик-жеке ѳнөктөштүктун алкагында "Эркеч-Там" жана "Торугарт" чек ара өткөрмө пункттарына түздөн-түз жакын жерде бажы-логистикалык комплекстерди куруу долбоорлорун жүзѳгө ашыруу боюнча ишти активдештирүү жана улантуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык;
1. Мамлекеттик-жеке өнөктѳштүктүн (мындан ары - МЖӨ) алкагында төмөнкүдөй бажы-логистикалык комплекстерди куруу боюнча мамлекеттик өнөктөш катары Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы аныкталсын;
- Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылынан 39 км, "Торугарт" өткөрмө пунктунан 110 км алыстыктагы "Аэропорт" жергесинде;
- "Эркеч-Там" ѳткөрмө пунктунан 60 км алыстыктагы Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылынын аймагында.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы МЖӨнүн алкагында бажы-логистикалык комплекстерди куруу боюнча аталган долбоорлорду эки жумалык мөөнөттө белгиленген тартипте демилгелесин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан МЖӨнүн алкагында аталган долбоорлор боюнча даярдалган документтердин зарыл болгон пакети киргизилгенден кийин эки жумалык меөнөттө аталган документтерге белгиленген тартипте баа берсин жана долбоорлор жактырылса, аларды МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун Байкоочу кеңешинин кароосуна киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Нарын облусунун Ат-Башы райондук жана Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациялары МЖӨнүн алкагында аталган долбоорлорду ишке ашыруудан келип чыккан зарыл болгон иш-чараларды аткарууну камсыз кылышсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 58-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жуктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |