Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 4-марты № 76-б
"Электр станциялар" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана финансылык туруктуулугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 511-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртуү киргизилсин:
1-3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги "Электр станциялар'* жана "Кыргызстандын улупук электр тармагы" ачык акционердик коомдору менен бирдикте Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына 1,0 млрд. кВтс чейинки көлөмдө электр энергиясын импорттоону камсыздасын:
- 2014-жылдын ноябрынан 2015-жылдын мартына чейинки мезгилде "Т.И.Батуров атындагы Жамбыл ГРЭС" акционердик коому иштеп чыгарган электр энергиясын;
- 2015-жылдын март-апрели мезгилинде "Булат Нуржанов атындагы Экибастуз ГРЭС-1" жоопкерчилиги чектелген шериктештик иштеп чыгарган электр энергиясын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкаруу органдарынын кароосуна "Т.И.Батуров атындагы Жамбыл ГРЭС" акционердик коому жана "Булат Нуржанов атындагы Экибастуз ГРЭС-1" жоопкерчилиги чектелген шериктештик менен ушул буйруктун 3-пунктунда айтылган шарттарда келишимдерди түзүү жөнүндө маселени белгиленген тартипте киргизсин.
3. "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына электр энергиясын ай сайын алдьн ала төлөө шартында алууга төмөнкүдөй келишимдерди сунушталсын:
"Т.И.Батуров атындагы Жамбыл ГРЭС" акционердик коому менен 850 млн. кВтс чейинки көлөмдө, 1 кВтс үчүн 5,61 сом орточо баа (салыктарды жана жыйымдарды эсепке альп);
- ''Булат Нуржанов атындагы Экибастуз ГРЭС-1" жоопкерчилиги чектелген шериктештик менен - 150 млн. кВтс чейинки көлөмдө, 1 кВтс үчүн 4 сом орточо баа менен (салыктарды жана жыйымдарды эсепке алып).".
Премьер-министр |
|