Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 18-ноябры № 511-б
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-январындагы № 21-б, 2015-жылдын 4-мартындагы № 76-б буйруктарына редакцияларына ылайык)
Республиканын калкын жана экономикасынын тармактарын 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилинде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Мамлекеттер аралык Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 7-ноябрындагы № 3 чечимин көнүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1"1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги "Электр станциялар'* жана "Кыргызстандын улупук электр тармагы" ачык акционердик коомдору менен бирдикте Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына 1,0 млрд. кВтс чейинки көлөмдө электр энергиясын импорттоону камсыздасын:
- 2014-жылдын ноябрынан 2015-жылдын мартына чейинки мезгилде "Т.И.Батуров атындагы Жамбыл ГРЭС" акционердик коому иштеп чыгарган электр энергиясын;
- 2015-жылдын март-апрели мезгилинде "Булат Нуржанов атындагы Экибастуз ГРЭС-1" жоопкерчилиги чектелген шериктештик иштеп чыгарган электр энергиясын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкаруу органдарынын кароосуна "Т.И.Батуров атындагы Жамбыл ГРЭС" акционердик коому жана "Булат Нуржанов атындагы Экибастуз ГРЭС-1" жоопкерчилиги чектелген шериктештик менен ушул буйруктун 3-пунктунда айтылган шарттарда келишимдерди түзүү жөнүндө маселени белгиленген тартипте киргизсин.
3. "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына электр энергиясын ай сайын алдьн ала төлөө шартында алууга төмөнкүдөй келишимдерди сунушталсын:
"Т.И.Батуров атындагы Жамбыл ГРЭС" акционердик коому менен 850 млн. кВтс чейинки көлөмдө, 1 кВтс үчүн 5,61 сом орточо баа (салыктарды жана жыйымдарды эсепке альп);
- ''Булат Нуржанов атындагы Экибастуз ГРЭС-1" жоопкерчилиги чектелген шериктештик менен - 150 млн. кВтс чейинки көлөмдө, 1 кВтс үчүн 4 сом орточо баа менен (салыктарды жана жыйымдарды эсепке алып)."
(КР Өкмөтүнүн2015-жылдын 28-январындагы № 21-б, 2015-жылдын 4-мартындагы № 76-б буйруктарына редакцияларына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен бирдикте "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасына алынуучу электр энергиясынын баасына төлөө үчүн 2 200,0 млн. сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда бөлуу жана жогоруда көрсөтүлгөн коомдун мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча мөөнтү өткөн карыздарын реструктуралоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн чечиминин долбоорунун белгиленген тартипте киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-январындагы № 21-б буйругунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы мыйзамда белгиленген тартипте "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна бажылык төлөмдөрдү төлөө мөөнөтүн белгиленген тартипте кийинкиге жылдырсын же бөлүп-бөлүп төлөөгө мүмкүндүк берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик "Электр станциялар" ачык акционердик коому үчүн тарифте электр энергиясын Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына импорттоого байланышкан чыгымдарды караштырсын.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратнын өнөр жай, отун энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|