Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 6-матры № 82-б
2015-жылдын 13-мартында Москва шаарында (Россия Федерациясы) болуучу КМШнын Экономикалык кеңешинин 65-жыйынына жана КМШга катышуучу мамлекеттердин "Интеграция - жаңы мүмкүнчүлүктөр жана кризистен чыгуу жолдору" эл аралык экономикалык форумуна катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда тузүлсүн.
2. КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Асанкожоева Зина Мукаевнага КМШнын Экономикалык кеңешинин жогоруда аталган жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Асанкожоева Зина Мукаевна
| - КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономнкалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү, делегациянын башчысы; |
Сыдыкова Гулмира Ракыевна*
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Мулкубатова Чолпон Токтобаевна | - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин биринчи катчысы. |
Эскертүү:
* - Москва шаарына 2015-жылдын 11-13-мартында командировкага жиберилет.