Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 6-марты № 84-б
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Монголиянын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Монголиянын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик агенттиги (мындан ары "Тараптар" деп аталат),
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу табигый кырсыктардын тобокелин азайтуу тармагындагы катнашты колдоо жана өнүктүрүү боюнча ниеттерди эске алышып,
Тараптардын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнү каалашып, өз ара урматтоонун, эгемендүүлүктүн, теңдиктин жана өз ара пайданын принциптерине негизденишип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Ушул Меморандум Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2-берене
Тараптар өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде төмөнкү чөйрөлөрдө кызматташат:
- табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда башкаруу жана кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча тажрыйба алмашуу;
- байланышты, өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучу же пайда болгону жөнүндө билдирүүнү, маалымат берүүнү камсыздоо боюнча тажрыйба алмашуу;
- чоң масштабдуу өзгөчө кырдаалдар жана алардын кесепеттери жөнүндөгү информациялык-статистикалык маалыматтарды, мезгилдүү басылмаларды, усулдук, илимий жана техникалык адабияттарды, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын видео жана фотографиялык материалдарды - тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык ачыкка чыгарууга болбоочудан башкаларын алмашуу;
- заманбап технологияларды жайылтуу тармагында тажрыйба алмашуу;
- биргелешкен долбоорлорду пландаштыруу, чогуу иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- өзгөчө кырдаалдарда башкаруу маселеси боюнча биргелешкен семинарларды, конференцияларды, кеңешмелерди жана курстарды уюштуруу жана өткөрүү;
- өзгөчө кырдаалдарда башкаруу чөйрөсүндө Тараптардын билим берүүчү мекемелеринде адистерди окутуу, квалификациясын жогорулатуу, өз ара стажировкаларды өткөрүү;
табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда ез ара жардамдашууну уюштуруу боюнча биргелешкен машыгууларды өткөрүү;
- зарыл учурда өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу боюнча өз ара жардамдашуу;
- Тараптардын компетенциясынын алкагында башка иш-чараларда кызматташуу.
3- берене
Ушул Меморандум Тараптардын мамлекеттери катышуучусу болгон башка эл аралык макулдашуулардан чыгуучу Тараптардын укуктарына жана милдеттерине тиешеси болбойт.
4- берене
Ушул Меморандумду ишке ашырууга байланыштуу чыгымдарды Тараптар ар бир конкреттүү учурда аныкташат.
5-берене
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу болуучу ар кандай пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды өткөрүү жолу менен чечилет.
6-берене
Тараптардын өз ара макулдашуусу менен ушул Меморандумга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
7-берене
Ушул Меморандум кол койгон учурдан баштап күчүнө кирет жана беш жыл бою жарактуу болот. Эгерде Тараптардын бири ушул Меморандумдун жарактуулук мөөнөтүнүн бутөөрүнө чейин алты айда мурда экинчи Тарапка аны колдонууну токтотуу ниети жөнүндө кабарлабаса анын жарактуулугу кийинки беш жылдык мөөнеттөргө өзүнөн-өзү узартылат.
201-жылдын "____"_________________________ шаарында
ар бири кыргыз, монгол жана орус тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү жана баардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн
Эгерде ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер болсо, Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар Министрлиги үчүн | Монголиянын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик агенттиги үчүн
|