Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 10-марты № 85-б
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен Корея Республикасынын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлигинин ортосундагы Ишке орноштурууга уруксат берүү системасына карата Корея Республикасына жумушчу күчтөрдү жиберүү жана кабыл алуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен Корея Республикасынын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлигинин ортосундагы Ишке орноштурууга уруксат берүү системасына карата Корея Республикасына жумушчу күчтөрдү жиберүү жана кабыл алуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен Корея Республикасынын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлиги,
тең укуктуулук жана өз ара пайда көрүү принциптерин сактап,
иш менен камсыз кылуу, эмгек жана адамдын дараметин өнүктүрүү жаатындагы кызматташуу алкагында эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо максатында,
ошондой эле ушул кызматташуудан эки өлкөнүн ала турган өз ара пайдаларын таануу менен, төмөнкүлөр жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө жетишти:
1-берене. Максаты
1. Ушул Меморандумдун максаты Корея Республикасында чет өлкөлүк жумушчулар үчүн ишке орноштурууга уруксат берүү системасы (мындан ары - "ИОУБС") боюнча Тараптар милдеттүү түрдө сактай турган жумушчу күчтөрдү жиберүүнүн жана кабыл алуунун жоболорун белгилөө жолу менен Тараптардын ортосундагы кызматташуу үчүн туруктуу негизди сактоо жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасына жиберүү жана кабыл алуу процессинин ачык-айкындуулугун, майнаптуулугун жогорулатуу болуп эсептелет.
2. Ушул Меморандум Тараптардын тиешелүү каражаттары жана кызматкерлери болгон шартта Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
2-берене. Аныктамалар
Ушул Меморандумда төмөнкү негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулду:
- жумуш берүүчү - "Чет өлкөлүк жарандарды иш менен камсыздоо жөнүндө" Корея Республикасынын Мыйзамына ылайык чет өлколүк жумушчуларды тартуу үчүн Корея Республикасынын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлигинен (мындан ары - ИжЭМ) уруксат алган бизнес ээси;
- жумуш издөөчү - "Чет өлкөлүк жарандарды иш менен камсыздоо жонүндо" Корея Республикасынын Мыйзамына ылайык Корея публикасында иштөө ниетин билдирген Кыргыз Республикасынын жараны;
- жумушчу - "Чет өлкелук жарандарды иш менен камсыздоо жөнүндө" Корея Республикасынын Мыйзамына ылайык Корея Республикасында белгилуу бир мезгилдин ичинде иштоо учун Корея Республикасынын жумуш беруучусу менен эмгек келишимине кол койгон же кол коюуга ниеттенген Кыргыз Республикасынын жараны;
- жиберуучу агенттик - "Чет елколук жарандарды иш менен камсыздоо жонундо" Корея Республикасынын Мыйзамына ылайык Корея Республикасында иштоону каалаган кыргыз жумушчуларын топтоого жана жиберууго укуктуу агенттик;
- кабыл алуучу агенттик - жумуш издоечулордун реестрин башкарууга жана "Чет олкелук жарандарды иш менен камсыздоо жонундо" Корея Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын жиберуучу агенттиги аркылуу кыргыз жумушчуларын кабыл алууга укуктуу агенттик;
- тестирлөөчу агенттик - ИОУБСнын алкагында корей тилин билуу деңгээлин аныктоочу тестирлоонун жана кошумча кондумдорду аныктоочу тестирлоонун жалпы откорулуусу, анын ичинде тестирлоо тууралуу жарыя кылуу, отунмолорду кабыл алуу, тест боюнча суроолорду түзүү, ошондой эле "Чет олкелук жарандарды иш мепен камсыздоо жонундо" Корея Республикасынын Мыйзамына ылайык тестирлоонү откоруу тапшырылган, ИжЭМ тарабынан атайын ыйгарым укук берилген агенттик.
- Кореялык ИОУБСтын борбору - кыргыз жумуп:чуларын жонотүү жана кабыл алуу процессине ИжЭМдин жана кабыл алуучу агенттиктин атынан колдоо корсотүү учун Кыргыз Республикасындагы кабыл алуучу агентгиктин туруктуу окулу.
3-берене. Жиберүүчү жана кабыл алуучу агенттик
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги (мындан ары - ЭМЖМ) жумушчуларды Корея Республикасына жиберүүго жооптуу мамлекеттик орган болуп саналат. Ушул Меморандумду ишке ашырууда ЭМЖМ жиберүүчү агенттик катарында Кыргыз Республикасынын жарандарын шике орноштуруу борборун (мындан ары - Борбор) дайындоону Тараптар биргелешип чечишет.
4. Борбор Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен каржыланган ЭМЖМнии ведомстволук мекемеси болуп саналат жана жумушчуларды топтоого жана жиберүүго түздон-түз жооп берет. Ушул Меморандумдун алкагында Борбордон тышкары каалаган башка мекеме жиберуу процессине катышууга укугу жок.
5. ИжЭМ ИОУБСтын алкагында Корея Республикасына жиберилүүчү жумушчуларды кабыл алууга жооптуу болгон мамлекеттик мекеме болуп саналат. Ушул Меморандумду ишке ашырууда ИжЭМ кабыл алуучу агенттик катарында Корея Республикасынын адам ресурстарын өнүктүрүү кызматын (мындан ары - АРӨК) дайындоону Тараптар биргелешип чечишет.
6. АРӨК жумуш издөөчүлөрдүн реестрин башкарууга жана жумушчуларды кабыл алууга түздөн-түз жооп берүүчү мамлекеттик бюджеттен каржылануучу ИжЭМдин аффилиацияланган мекемеси болуп саналат.
4-берене. Жиберүү үчүн акы
7. Ар бир жумушчу жиберүүчү агенттикке өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана жумушчуларды жиберүү процессинде иш жүзүндө сарпталган чыгымдардын суммасын төлөп берет.
8. 1-пунктка ылайык ушул Меморандумга кол коюлгандан тартып, жиберүүчү агенттик ИжЭМге беренелер боюнча бөлүнгөн бир жумушчудан алына турган жиберүү үчүн акынын жалпы суммасы жөнүндө маалыматты берет.
9. ИжЭМ төлөм акы чыгымдарынын ашыкча пункттарын камтыйт деп эсептесе же Кыргыз Республикасындагы улуттук экономикалык кырдаалды (мисалы, улуттук киреше) жеке алууда жана башка өлкөлөргө жиберүү үчүн төлөмдөрдүн суммаларына салыштырууда өтө жогору деп бааланса ИжЭМ жиберүүчү агенттиктеп төлөмдүн суммасынын төмөндөтүлүшүн талап кыла алат.
10. Жиберүүчу агенттик ИжЭМ менен биргелешкен чечимдин негизинде төлөмдү аныктайт жана басма сөз ММКда же Борбордун ьвебсайтына жайгаштыруу аркылуу төлөмдүн бөлүштүрүлүшү жөнүндө (анын ичинде медициналык текшерүүгө, ИОУБСтын корей тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестирлөөго, паспорт жана виза берүүгө, реестрге каттоого, жиберүү алдындагы даярдоого жана авиабилеттерге/салыктарга) расмий жарыялайт.
11. Инфляцияга же башка себептерге байланыштуу эн башынан бери бирге белгиленген жиберүү үчүн төлөмдүн суммасына өзгортүү киргизүү зарылдыгы туулса, жиберүүчү агенттик ИжЭМге бул жөнүндө маалымдайт жана алдын ала консультация берет.
5-берене. ИОУБСтын корей тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестирлоөнү жана кошумча кондүмдордү аныктоочу тестирлөөнү откорүү
12. "Чет өлкөлүк жарандарды иш менен камсыздоо женүндө" Корея Республикасынын Мыйзамына ылайык ИжЭМ жумуш издөөчүлөрдүн ичинен объективдүү тандоо үчүн ИОУБСтын корей тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестирлөөнү өткорөт. Зарылдыкка жараша жумуш ^руүчүлөргө ИОУБСтын корей тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестирлөөдөн өткөн жумуш издөөчүлөр жөнүндө кошумча маалымат берүү максатында кошумча көндүмдөрдү аныктоочу тестирлөө жүргүзүлүшү мүмкүн. ИОУБСтын корей тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестирлөө жана кошумча көндүмдөрдү аныктоочу тестирлөөнү өткөрүү максатында ИжЭМ тестирлөөчү агенттик катарында АРӨКтү дайындайт.
13. ИОУБСтын корей тилин билуү деңгээлин аныктоочу тестирлөө жана кошумча көндүмдөрдү аныктоочу тестирлөөнү тоскоолдуксуз өткөрүү учүн ИжЭМ жана жиберүүчү агенггик төмөнкү маселелерде жардам жана колдоо көрсөтөт:
- ИОУБСтын корей тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестирлөөгө жана кошумча көндүмдөрдү аныктоочу тестирлөөгө катышуу үчүн өтүнмөлөрдү таратуу жана кабыл алуу;
- өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана тесттерди еткорүү үчүн жай берүү, ошондой эле тестирлөө өткөрүлүүчү жайда тартипти камсыздоо;
- ИОУБСтын корей тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестирлөө жана кошумча көндүмдөрдү аныктоочу тестирлөөнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасына дипломатиялык каналдар боюнча жеткирилген тестирлөө материалдарына бажылык тариздөө жүргүзүү;
- тестирлөөчү агенттиктин кызматкерлери же ИОУБСтын корей тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестирлее жана кошумча көндүмдөрдү аныктоочу тестирлөөнү откорүүго катышкан башка кызматкерлер үчүн визалардын берилишин камтыган иммиграция процессии жеңилдетүү;
- ИжЭМ жана тестирлоочү агенттигине талап кылынган башка жардам дар.
14. ИОУБСтын корей тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестирлоого каттоо толомүнүн суммасына салык салуу Кыргыз Республикасынын жана Корея Республикасынын салык мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Корея Республикасы катышуучусу болуп эсептелген Тараптардын мамлекеггеринин мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүно кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлот.
15. ИжЭМ жана тестирлеечу агенттик ИОУБСтын корей тилин билүү децгээлин аныктоочу тестирлоону жана кошумча кондүмдордү аныктоочу тестирлоону калыс жана майнаптуу откорүү үчүн ЭМЖМ жана жиберүүчү агенттиктин отунучуно ылайык комок жана колдоо керсотот,
16. ИОУБСтын корей тилин билүү децгээлин аныктоочу тестирлоого катышуу учун жумуш издөөчүлөргө квалификациялык талаптар:
- арыз беруүчүлөрдүн жаш курагы 18ден 39га чейин (тестирлоо кунуно карата 39 жаштан жогору эмес);
- эркинен ажыратуу же башка жазык жоопкерчилигине тартууну караган кылмыш боюнча соттуулугунун жоктугу; •
- мурда Корея Республикасынан депорттолбогондор;
- Кыргыз Республикасынан сыртка чыгуу укугунун чектелбөөсү.
17. Кошумча көндүмдөрдү аныктоочу тестирлоого катышуу үчүн жумуш издөөчүлөргө коюлган квалификациялык талаптар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- колдонуу мөөнөтүнүн эки жылдык (2) мезгилинде ИОУБСтын корей тилин билүү денгээлин аныктоочу тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн же жумуш издөөчүлөрдүн реестринде катталган жактар.
18. ИОУБСтын корей тилин билүүсүн тастыктаган тастыктамасы тестирлоонун жыйынтыгы жарыялангандан тартып эки (2) жылдын ичинде жарактуу. Кошумча көндүмдөрдү аныктоочу тестирлоонун жыйынтыктары иш издөө мөөнөтүндө жумуш издөөчүлөр жөнүндө маалымат катарында пайдалануу үчүн жумуш берүүчүлөргө берилет.
19. Тестирлөөчү жана жиберуучу агенттиктер ИОУБСтын корей тилин билуу денгээлин аныктоочу тестирлоону жана кошумча көндүмдөрдү аныктоочу тестирлоону өткөрүүгө тиешелүү конкреттүү маселелерди жөнгө салуу үчүн кызмат көрсөтүү тууралуу макулдашууга кол коюуга укуктуу.
20. Зарылдыкка жараша тестирлөөчү жана жиберуучу агенттиктер алдын ала консультация боюнча ИОУБСтын корей тилин билүү децгээлин аныктоочу тестирлоо жана кошумча көндүмдөрдү аныктоочу тестирлоо менен байланышкан милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик агенттикти (агенттиктерди) дайындайт. Дайындалгап агенттик тестирлөөчү жана жиберуучу агенттиктин чечими боюнча ИОУБСтын корей тилин билуу децгээлин аныктоочу тестирлоо жана кошумча көндүмдердү аныктоочу тестирлоо менен байланышкан тийиштүү милдеттерди ишке ашырат.
21. Эгерде ИОУБСтын корей тилин билуу децгээлин аныктоочу тестирлоону жана кошумча кондүмдөрдү аныктоочу тестирлоону өткөрүү маалында тестирлөөчү жана жөнөтүүчү агенттиктердин ортосунда өз ара аракеттенүүнүн жоктугунан иш үзгүлтүккө учураса же эгерде ИОУБСтын корей тилин билуу децгээлин аныктоочу тестирлоо жана кошумча көндүмдөрдү аныктоочу тестирлоо бир катар башка себептер боюнча откорулбой турган болсо, ИжЭМ ИОУБСтын корей тилин билүү денгээлин аныктоочу тестирлоону жана кошумча көндүмдөрдү аныктоочу тестирлоону токтото туруу зарыл чараларын корот.
6-берене. Жумуш издөөчүлөрдү топтоо
22. ИОУБСтын корей тилин билүү децгээлин аныктоочу тестирлөөдөн откон жумуш издөөчүлөр жиберуучу агенттикке толтурулган анкеталарын ташныруусу зарыл.
23. Жиберуучу агенттик жумуш издөөчүлөрдүн тизмесин жана анкеталарын (мындан ары - алдын-ала реестр) даярдайт.
24. Алдын-ала реестрди даярдоодо жиберуучу агенттик төмөНдө корсөтүлгөн талаптарга жооп берген жумуш издөөчүлордү топтойт:
- ИОУБСтын корей тилин билүү децгээлин аныктоочу тестирлоону ийгиликтүү тапшырган;
- кеминде бир (1) жылга жарактуу паспорту барлар;
- ИжЭМ аныктаган медициналык текшерүүдөн өткөндөр.
25. Эгерде жумуш издоөчүлор жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берсе, жиберүүчү агентгик алдын-ала реестрди (мындан ары -реестр) кабыл алуучу агенттигине реестрге киргизүу үчүн жиберет. Жиберүүчү агентгик тарабынан даярдалган алдын-ала реестр төмөнкү маалыматтарды камтышы зарыл:
- жумуш издөөчү жөнүндө жеке маалыматты, анын ичинде аты, улуту, туулган күнү, идентификациялык номери, ден соолугунун абалы;
- жумуш издөөчүнүн паспортунун көчүрмөсүи;
- каалаган эмгек шарттарын, анын ичинде эмгек акы жана иштин түрү;
- өзү жана карьералык өсүүсү жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде билими, иш тажрыйбасы жана сертификаттары;
- жумуш издөөчүнүн ИОУБСтын корей тилин билүү децгээлин аныктоочу тестирлоонүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматты, анын ичинде күнү жана тесттин жыйынтыгы;
жумуш издөөчүнүн кошумча көндүмдөрдү аныктоочу тестирлөөнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматты, анын ичинде тесттин датасы, жыйынтыгы жана статусу.
26. Кабыл алуучу агенттик реестрди түзот. Алдын ала реестрде каталар болгон учурларда, кабыл алуучу агенттик оцдоо үчүн аны жиберүүчу агентгикке кайтарат, андан соц жиберүүчү агенттик оңдоо жөнүндөгү суроо-талап коюлган күндөн тартып эки (2) жуманын ичинде аны суроо-талапка ылайык редакциялап кайра кайтарат.
27. Эгерде квалификациялуу жумуш издөөчүлөрдүн саны реестрге киргизилген жумуш издоочүлор учүн бөлүнгөн жумуш орундарынын санынан коп болсо, тандоо Тараптардын чечимдери менен биргеликте кабыл алынган методуна ылайык жүргүзүлөт.
28. Жиберүүчү агентгик жумуш издөөчүлөргө алардын реестрге кошулушу Корея Республикасында жумушка ориошушуна кепилдик бербей тургандыгын маалымдайт.
29. Жиберүүчү агентгик мамлекеттик жиберүүчү агенттигинин тутумун (МЖА'Г - реестрди жиберүү үчүп компыотердик программа) орнотуу үчүн зарыл болгон маалыматтык техтюлогиялык инфратүзүмүн орнотот жана колдоого алат, ал эми кабыл алуучу агентгик жиберүүчү агентгикке тийиштүү маалыматтарды жонотот.
7-берене. Жумуш издөөчүлөрдүн реестри
30. Реестр бир (1) жыл ичинде жарактуу. Реестрдин иштөө мөөнөтү бүткөндөн кийин жумуш издөөчүлөр ИОУБСтын корей тилин билүүсүн тастыктаган тастыктамасын колдонуу моөнотү бүткөнгө чейин кайрадан капалууга укуктуу.
31. Реестрдеги маалыматтарда кандайдыр бир өзгөрүүлор, анын ичинде жумуш издөөчүнүн байланыш маалыматтары жана иш издөө ниеттери өзгөргөн учурларда, жиберүүчү агенттик кабыл алуучу агенттикке бул өзгөрүүлер жана өзгөрүүлордүн себептери жөнүндө маалымдайт.
32. ИжЭМ ИОУБСка ылайык жол берилген иш түрлөрү жана реестрге жыл сайын киргизилүүчү жумуш издөөчүлөрдүн бөлүнгөн саны жөнүндө ЭМЖМге билдирет.
8-берене. Эмгек келишими
33. Ар бир жумуш берүүчү ресстрден жумушчуну тандагандан кийин эмгек келишимин түзет, андан соң кабыл алуучу агенттик жиберүүчү агенттикке келишимди жөнөтөт.
34. Жумушчунун эмгек келишимине кол коюу же кол койбоо жөнүндө чечим кабыл алышы үчүн жиберүүчү агенттик ар бир жумуш издөөчүгө эмгек келишиминин мазмунун түшүндүрет.
35. Эмгек келишимин алгандан тартып он терт (14) күндүн ичинде жиберүүчү агенттик кабыл алуучу агенттикке жумушчулар менен түзүлгөн ар бир эмгек келишиминин түзүлүшү же түзүлбой калса анын себептери женүндө билдирет. Эмгек келишимин түзүү жөнүпдө кабыл алынган чечим он терт (14) күндүн ичинде маалымдалбаса, кабыл алуучу агенттик жумуш берүүчү менен консультация откоргондоп кийин келишимди түзүлгөн жок деп жарыялай алат.
36. Эгерде жумуш издөөчү түзүлгон эмгек келишимин бузса же жаңы келишимге тийиштүү негизсиз кайрадан кол коюудан баш тартса, кабыл алуучу агенттик аны ресстрден чыгара алат.
37. Жиберүүчү агенттик жумушчуга кол коюлган эмгек келишиминин түп нускасын берет жана жумушчу Корея Республикасына чыгар алдында аны өзү менен кошо алып бара жаткандыгын ырастайт.
9-берене. Жиберүү алдындагы даярдык
38. Жиберүүчү агенттик эмгек келишимин түзгөн жумушчуларга Корея Республикасына өз убагында барышы үчүн, жөнөтүү алдындагы даярдыкты жүргүзөт.
39. Жиберүүчү агенттик ИжЭМ менен болгон алдын ала макулдашуу боюнча даярдоонун мазмуну жана узактыгы тууралуу чечимди кабыл алат.
40. Жиберүүчү агентгик жиберүү алдындагы даярдыкты өзү жүргүзөт же ИжЭМ менен болгон алдын ала макулдашуу боюнча жиберүү алдындагы даярдоону тапшыруу үчүн мамлекеттик органды(дарды) дайындайт.
10-берене. Визаларды берүү
41. Жиберүүчү агенттик кабыл алуучу агенттиктен визаларды берүүнү ырастоо тастыктамасын (мындан ары - ВБЫТ) алгандан кийин жумушчуларга дароо маалымдайт жана Кыргыз Республикасындагы кореялык дипломатиялык миссиясына зарыл болгон тийиштүү документтерди тапшыруу жолу менен жумушчуларга виза алуу үчүн кайрылат.
42. Кабыл алуучу агенттик ВБЫТтын иштөө мөөнөтүндөгү үч (3) айдын ичинде виза үчүн кайрылбаган бардык жумушчулардын эмгек келишимдерин буза алат.
43.Эгерде ВББ1Тты алган кайсы бир жумушчу Корея Республикасына барбоону чечсе же жумуш берүүчүнүн эмгек келишимин жокко чыгаргандыгынан улам Корея Республикасына бара албаса, жиберүүчү агенттик кабыл алуучу агенттиктин отүнучү боюнча ВБЫТты жокко чыгаруу боюнча чараларды кабыл алууда кызматташат.
44. Жиберүүчү агенттик виза алууга комок корсотүүго ыйгарым укуктуу жалгыз уюм болуп саналат жана башка бир да уюм бул процесс ке кийлигише албайт.
11-берене. Жумушчулардын барышы
45. Жумуш берүүчүлор жумушчулардын Корея Республикасына жиберүүге даярдоонун жүрүшү жонүндо ар дайым кабардар болушу үчүн жонотүүчү агенттик ИОУБС тутумундагы маалыматтарды ар бир этапта жаңылап турат. Бул маалыматтар жонотүү алдындагы даярдыктын аяктагандыгы жана виза алуу үчүн арызды камтышы керек.
46. Жиберүүчү жана кабыл алуучу агенттиктер ВБЫТты алган жумушчулар үчүн чыгуусуна кеминде бир (1) жума калгапга чейин алардын жиберүү алдындагы даярдоонун графигин эске алуу менен жиберүү күнүн такташат.
47. Жиберүүчү агенттик жумушчулардын Корея Республикасына пландаштырылган моонотто жетүүсү үчүн авиабилеттерди алдын ала ээлеп коюу менен бирге зарыл болгон чараларды корот.
48. Жиберүүчү жана кабыл алуучу агенттиктер биргелешип Корея Республикасына жоногенго чейинки кандайдыр бир кечигүулердү алдын алуу үчүн жиберүу процессии жакшыртууну улантышат.
12-берене. Жумушчуларды жайгаштыруу
49. ИжЭМ жумушчулар ишке киришердин алдында алардын келүүсү боюнча окутат жана медициналык текшеруү жүргүзөт. ИжЭМ жумушчунун келүүсү боюнча даярдыкка жана медициналык текшеруү үчүн жооптуу болгон уюмду (уюмдарды) аныктайт.
50. Корея Республикасындагы медициналык текшерүү убагында аныкталган ден соолугундагы койгойлорго байланыштуу медициналык текшерүүдөн отпоген жумушчулар Кыргыз Республикасына жиберилишет. Кабыл алуучу агенттик жиберуүчү агентгикке мындай жумушчулар жөнүндө маалымдайт.
51. Эгерде жумушчу медициналык текшерүүдогү көйгөйлөр же жацы иш ордун алып кетүүгө жөндөмсүздүк сыяктуу себептер боюнча эмгек келишиминин иштөө мөөнөтү бүткөнгө чейин Кыргыз Республикасына кайтса, ал Корея Республикасынан учуп кетүү авиабилетинин наркын камтыган бардык чыгымдарды толойт. Эгерде ал мындай чыгымдарды төлөй албаса, жиберүүчү агенттик анын Кыргыз Республикасына кайтып келиши боюнча укуктук жана консультациялык жардам корсотот.
13-берене. Жиберүү жана кабыл алуу процессине көмөктөшүү
52. ИжЭМ же кабыл алуучу агенттик жумушчуларды жиберүү жана кабыл алуу процессине көмөктөшүүсүн камсыздоо үчүн кореялык ИОУБСтын борборун Кыргыз Республикасында жайгаштырууга укуктуу.
53. Кореялык ИОУБСтын борбору ЭМЖМ жана жиберүүчү агенттик менен консультация алуунун жүрүшүндө комок көрсөтөт, ишке орноштуруу максатындагы жиберүү процессии контролдойт жана консультация берет. Алардын жоиоо датасына жана процессине таандык деталдар боюнча Тараптар алдын ала макулдашышат.
54. Кореялык ИОУБСтын борборунун кызматкерлеринин Кыргыз Республикасындагы иштерин жецилдетүү максатында ЭМЖМ жана жиберүүчү агенттик аларга жана алардын үй-бүлөлөрүнө узак моөнөпүү визалардын берилишине керектүү материалдарды жана суроо-талапка тийиштүү маалыматгарды жана жоопторду берүү жааттарында жардам көрсөтүшөт.
14-берене. Ишке орноштурууну жана ошол жерде турууиу башкаруу
55. Жумушчу Корея Республикасына барган күндөн тартып үч (3) жылдын ичинде иштегенге укуктуу. Бирок айрым учурларда жумушчуларга "Чет өлкөлүк жарандарды иш менен камсыздоо жөнүндө" Корея Республикасынын Мыйзамынын тийиштүү жоболорун сактоо шартында иштөө мөөноттөрүп максимум бир (1) жыл жана он (10) айга чейин узартууга уруксат берилет.
56. Эмгек келишими бүткөндөн кийин ез ыктыяры менен мекенине кайткан жумушчулар Корея Республикасына алты (6) айлык чектееден кийин гана кайрадан бара алышат. Бирок эмгек келишиминин убагыНда жумуш ордун алмаштырбай ишин ак ннеттүү аткарган жумушчулар үчүн Корея Республикасынан чыккандан кийин уч (3) айдан кийин Корея Республикасына кайра кирүүгө уруксат жана ИОУБСтын корей тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестирлөөдөн өтүүсүндө, ошондой эле жөнөтүү алдындагы жана жетүүсү боюнча жумуш берүүчүнүн квалификациясына болгон суроо-талабына ылайык даярдоодо жеңилдиктер каралган.
57. ЭМЖМ жана жиберүүчү агенттик жумушчулар тарабынан Корея Республикасынын бардык мыйзамдарын, анын ичинде "Чет өлкөлүк жарандарды иш менен камсыздоо жөнүндө" жана "Эммиграциялык жана иммиграциялык контроль женүндө" Корея Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына кепилдик берет. ИжЭМ жана кабыл алуучу агенттик Корея Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык чет өлкөлүк жумушчулардын укуктарын коргойт.
58. ЭМЖМ жана жиберүүчү агенттик ишке орноштурууну жана ошол жерде турууну башкаруу процессине көмөктөшүү максатында оз өкулдөрүн Корея Республикасына жибере алышат. Алардын жөнөө датасы, процесси, ошондой эле милдеттерине таандык деталдар Тараптар тарабынан алдын ала макулдашылат.
59. Жиберилген кызматкерлердин милдеттерин жеңилдетүү максатында ЭМЖМ жана жиберүүчү агенттик жиберилген кызматкерлерге узак мөөнөттүү визалардын берилишине керектүү материалдарды, ошондой эле суроо-талапка тийиштүү маалыматтарды жана жоопторду берүү жааттарында жардам көрсөтүшөт.
60. Тараптар кадимки жол-жоболор аркылуу "Чыгууну кепилденген камсыздандыруу" жана "Наркын кайтаруу кепилдигин камсыздандырууда" каралган толөмдөрдү жумушчулардын Корея Республикасынан кеткенге чейин же кеткенден кийин алынышына комок көрсөтүшөт.
61. Тараптар чыгууну кенилдеген жана камсыздандыруу наркын кайтарууну камсыздандыруу боюнча өзүнүн камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу ыкмалары жөнүндо кайтып жаткан жумушчуларга нускама берет жана Кыргыз Республикасына төлөмсүз кайткандардын толөмдү алуу үчүн доо беришине колдоо корсотот.
15-берене. Коррупциянын алдын алуу жана мигранттардын мыйзамсыз жүрүүсү менен күрөшүү
62. Тараптар жиберүү жана кабыл алуу процессинин ачык-айкындуулугун жана майнаптуулугун камсыздоо үчүн күч-аракетин жумшайт. Ачык-айкындуулукту көтөрүү максатында Тараптар мыйзамга каршы аракеттерге даттанууларды кабыл алуу боюнча атайын борбор түзүүгө укуктуу.
63. ЭМЖМ жана жиберүүчү агенттик ИОУБС боюнча ишке орношуунун негизги мазмуиу жана процесси, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы жиберүү үчүн толом жөнүндө жарыялайт. Жарыялоо методуна жана датага тиешелүү деталдар ИжЭМ, кабыл алуучу агенттик же Кореялык ИОУБСтын борбору менен консультациялар аркылуу чечилет.
64. ЭМЖМ жана жиберүүчү агенттик ИжЭМге, кабыл алуучу агентгикке же Кореялык ИОУБСтын борборуна Кыргыз Республикасында презентацияларды өткөрүү сыяктуу каражаттардын жардамы менен ИОУБС жөнүндө маалымдоодо көмөк көрсөтөт.
65. Жумушчуларды ишке орноштурууну жана ошол жерде жүрүүсүн башкаруу үчүн Тараптар мыйзамсыз жүрүүсүн чектөөгө, алардын иштөө мөөнөтү бүткөндөн кийин Корея Республикасынан ыктыярдуу чыгышын өбөлгөлөөгө жана Корея Республикасында мыйзамсыз жашаган кыргыз жумушчуларынын санын азайтууга багытталган күч-аракеттерди жумшашат.
66. ИжЭМ иштеген учурунда жумуш ордун өзгөртпөстөн өз жумушун ак ниет аткарган жумушчуларынын кайрадан кирүү жана ишке орноштуруу процессии жеңилдетүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт, ошондой эле ЭМЖМге иш менен камсыз болуу мөөнөтү аяктаган жумушчулар жөнүндө маалымдайт.
67. ЭМЖМ жумушчулардын ыктыярдуу кайтып келишине комок көрсөтөт жана иш менен камсыз кылынган мөөнөтү бүткөндөн кийин мыйзамсыз жүргөн жумушчулардын коэффициентин башкаруу үчүн кварталдык пландарды берип, ошону менен бирге милдеттерди коёт.
68. Кайтып келген жумушчулардын өз өлкөсүндөгү шарттарга ыцгайлашуусуна комок көрсөтүү үчүн Тараптар иш менен камсыз кылуунун активдүү кызматтарын түзүүнү камтыган Кайтып келгендерди колдоо программасын тоскоолдуксуз ишке ашыруу максатында кызмачташат.
69. Жиберүү процессинин учурунда олуттуу коррупциялык йш-аракеттер табылса, же болбосо жумуш ордунда жок Кыргыз Республикасынан келген жумушчулардын саны бардык жоноткон өлкөлөрдүн орточо арифметикалык санынын белгиленген пайызынан ашса, ИжЭМ реестрге кирген жумуш издөөчүлөрдүн бөлүнгөн санын азайтуу, жумушчуларды жиберүүнү убактылуу токтотуу же ушул Меморандумду бузуу сыяктуу чараларды корот.
16-берене. Жалпы жоболор
70. Ушул Меморандумду чечмелоого же ишке ашырууга байланыштуу келип чыгуучу бардык пикир келишпестиктер же талаш маселелер Тараптардын ортосунда сүйлошүү жолу менен чечилет.
71. Эгер ушул Меморандумда көрсөтүлбөй калган маселелер жиберүү жана кабыл алуу процессии ишке ашырууда пайда болсо же Меморандумдун айрым жоболорунун кайра каралышы керек болсо, Тараптар өз ара жазуу жүзүндөгү макулдашуу аркылуу кайра карап чыгат же кошумча жоболорду киргизет.
72. Тараптардын оз ара макулдашуусу боюнча ушул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар уШул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протокол менен таризделет.
17-берене. Күчүнө кирүүсү жана иштөо мөөнөтү
73. Ушул Меморандум ага Тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
74. Ушул Меморандум күчүнө киргенде 2012-жылдын 21-декабрында Тараптардын ортосунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана миграция министрлиги менен Корея Республикасынын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлигинин ортосундагы Ишке орноштурууга уруксат берүү системасына карата Корея Республикасына жумушчу күчтөрдү жиберүү боюнча өз ара түшунүшүү жөнүндө меморандум күчүн жоготот.
75.Ушул Меморандум эки (2) жыл ичинде жарактуу. Бирок Тараптардын бири экинчисине ушул Меморандумдун колдонуу мөөнөтүнүн аякташына үч (3) айга чейин жазуу жүзүндөгү билдирмеси аркылуу берилүүчү жүйолүү себептердин негизинде Тараптардын бири тарабынан токтотулушу же жокко чыгарылышы мүмкүн.
76.Эгер Тараптардын биринде дагы ушул Меморандумду жаңыртуу боюнча сүйлөшүү учуруида токтотууга суроо-талабы болбосо, анын иш-аракетинин мөөнөтү (2 жыл) аяктагандан кийин, ал жаны Меморандумга кол койгонго чейин күчүнө ээ болот.
_____ шаарында 2015-жылдын "______ " ___________________-
ар бири кыргыз, корей, орус жана англис тилдеринде эки
түп нускада кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Меморандумдун жоболоруи чечмелоедө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Меморандумдун англис тилиндеги текста артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги | Корея Республикасынын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлиги |
|
|