Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 16-марты № 60
"Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун кирешелүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу максатында:
1. "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун кирешелүүлүгун жогорулатуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия эки жумалык мөөнөттө "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун кирешелүүлүгүн жогорулатуу боюнча конкреттүү сунуштамаларды Кыргыз Республикасынын Өкмотүно караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун адистерин жана коз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд эки жумалык мөенөттө ведомстволор аралык комиссиянын сунуштамалары келип түшкөн күндөн тартып кабыл алынган чаралар жонүнде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берсин.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методологиялык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жүктөлсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратыньщ экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Тиркеме
"Альфа Телеком" жабык акционерам к коомунун кирешелүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Диль Валерий Исидорович | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер- министри, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси; |
Калматов Нурбек Тойгонбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун статс-катчысы, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Касымалиев Адылбек Алешович | - Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Дөөталиев Улан Тимурович | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Мамырканов Эрнис Турсункадырович | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жала коммуникациялар министринин орун басары; |
Нурлан Сманов Марсович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары; |
Абылгазиев Таалайбек Кыдыралиевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын терагасынын орун басары; |
Шамбетов Тимур Эсенбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директору; |
Бейшенов Жанат Саматович | - Кыргыз Республикасынын Премьер - министриннн кеңешчиси; |
Иманалиев Данияр Шаршенбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн интеграциялык процесстер жана макроэкономика боюнча секторунун башчысы; |
Мусабеков Бакытбек Азизбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун эксперти; |
Жумашева Айнура Нурдиновна | - "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун укуктук маселелер боюнча директору (макулдашуу боюнча). |