Редакцияот 23.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 23-марты № 109-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июлундагы № 274-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 2-пункттагы "экономика министрине" деген сөздөр "вице-премьер-министрине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган буйрук менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Австрия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуунун долбоорунда:

3-берененин 3-пунктундагы "ошондой эле" жана "карата талаш-тартыштарды жөнгө салууда" деген сөздөр алып салынсын;

14-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3) Ушул берененин 1-пунктуна ылайык түзүлгөн Арбитраждык сот ачык-айкындуулук жөнүндө ЮНСИТРАЛдын эрежелерин кабыл алат.".

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев