Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-июлу № 274-б
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 109-б, 2016-жылдын 20-апрелиндеги № 172-б
буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Австрия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине Кыргыз Республикасынын Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 109-б, 2016-жылдын 20-апрелиндеги № 172-б
буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Премьер-министри |
| Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Австрия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Макулдашуучу Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Австрия Республикасынын Өкмөтү,
чет элдик түз инвестициялар өнүгүү тармагында улуттук жана эл аралык аракеттерге өтө маанилүү толуктоочулар экендигин эске алышып;
инвесторлорго жана алардын инвестицияларына берилүүчү Режим жөнүндө макулдашуу экономикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга, ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүн түзүүгө жана жашоо-турмушту жакшыртууга түрткү боло тургандыгын таанышып;
мыйзамга негизделген, адилеттүү, ачык жана болжолдуу белгилүү инвестициялык режим бүткүл дүйнөлүк соода тутумун толуктаарын жана жакшыртууга түрткү болоорун баса белгилешип;
достук байланыштарды чыңдоону жана биринчи Макулдашуучу Тараптын жеке адамдары жана юридикалык жактары тарабынан экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында инвестицияларга карата өз ара экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө дем берүүнү каалашып;
улуттук жана эл аралык деңгээлде толук жана өндүрүмдүү ишке орноштурууга жана бардыгын татыктуу иш орундары менен камсыздоого түрткү берүүчү ылайыктуу шарттарды түзүү үчүн милдеттенмелерди жана анын туруктуу өнүгүүгө таасирин тастыкташып;
1995-жылдын 9-февралында Брюссель шаарында кол коюлган Европа шериктештиктери жана алардын мүчө мамлекеттери бир тараптан жана экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын ортосундагы Өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашуунун 2-беренесине ылайык, адам укуктарын сактоо жаатындагы эл аралык милдеттенмелерге таянышып;
инвестиция экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы катары туруктуу экономикалык өсүштү орнотууда маанилүү роль ойной тургандыгын таанышып;
бул максаттарга ден соолукка, жалпы коопсуздук чараларына жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө жолу менен жетүүгө болоорун моюнга алышып;
экономикалык жана ишкердик мамилелердин өнүгүүсү эл аралык деңгээлде таанылган эмгектин укук ченемдерин сактоону камсыз кыла алаарын таанышып;
корпоративдик жоопкерчиликтүү жүрүм-турум ишканалар менен кабыл алуучу өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара ишенимге түрткү болоорун ишенимдүү билдиришип;
бардык өкмөттөр жана жарандык сектор БУУнун коррупцияга каршы иш-чараларын, баарынан мурда, БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясын (2003) кармануу керек экендигин баса белгилешип:
төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Аныктамалар
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн:
1) "Макулдашуучу Тараптын инвестору" төмөнкүлөрдү билдирет:
а) Макулдашуучу тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык анын жарандыгына ээ жеке адам, бирок кош жарандыгы бар жеке адам анын жарандыгы басымдуулук кылган жана күчүндө болгон мамлекеттин гана жараны болуп эсептелген шартта гана; же
б) Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык уюштурулган, экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында инвестициялоону ишке ашыра турган же ишке ашырган юридикалык жак.
2) "Макулдашуучу Тараптын инвестору тарабынан инвестициялоо" биринчи Макулдашуучу Тараптын инвесторуна таандык болгон же түз же кыйыр контролдонуучу, экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагындагы салымдын ар кандай түрлөрүн түшүндүрөт. Инвестиция деген, капиталды же башка ресурстарды берүү же пайда алууну күтүү, же тобокелдикти түшүнүү сыяктуу өзгөчө мүнөздөмөлөрдүн болушун түшүндүрөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) ушул берененин (3) пунктунда аныкталгандай юридикалык жакты;
б) ушул пункттун (а) пунктчасында аныкталгандай акцияларды, баалуу кагаздарды жана ишканага үлүштүк катышуунун башка түрлөрүн жана ушундан келип чыккан укуктарды;
в) карыз милдеттенмесин, облигацияларды, зайымдарды жана анын натыйжасында келип чыгуучу карыз милдеттенмесинин башка формаларын жана укуктарды;
г) акчалай суммага ар кандай укукту же умтулууну же мыйзамдарга же контракттарга ылайык эксплуатациялоону, курууну, башкарууну кошо аракеттенүүнү же кирешелерди бөлүштүрүү боюнча контракттарды, ошондой эле концессияларды, уруксаттамаларды, экономикалык иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга уруксаттарды;
д) интеллектуалдык менчикке жана экономикалык баалуулукка ээ менчиктин материалдык эмес формаларына болгон укукту, анын ичинде өнөр жайлык менчикке болгон укук, автордук укук, соода маркасы, товарды тариздөө; патенттер, географиялык белгилер, өнөр жайлык үлгүлөр жана техникалык процесстер, өндүрүштүк сыр, товардын аталышы, өндүрүштүн жашыруун сырлары жана "гудвилл";
с) материалдык же материалдык эмес менчиктин, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн ар кандай башка формаларын же жалдоого берүү, ипотека, барымтага коюу, күрөө укуктары, узуфрукт сыяктууларга байланыштуу менчикке болгон укуктарды.
3) "Ишкана" - пайда алуу же албоо максатында Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык уюштурулган же негизделген, жеке же мамлекеттик контролдо турган ар кандай юридикалык жакты же уюмду билдирет б.а. Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан жана өз алдынча ишкердик жүргүзүүчү корпорация, компания, биргелешкен ишкана же траст сыяктуу ар кандай бирикмени жана жеке менчик ишкананы, филиалды түшүндүрөт.
4) "Киреше" - инвестициялоодон алынуучу сумманы, атап айтканда пайданы, пайызды, капиталдын өсүшүнөн кирешелерди, дивиденддерди, калем акыны, лицензиялык төлөмдөрдү, башкаруу үчүн комиссияны, техникалык жардам үчүн төлөмдөрдү жана төлөмдөрдүн башка түрлөрүн түшүндүрөт.
5) "Кечиктирилгис" - компенсацияларды төлөө же төлөмдөрдү өткөрүп берүү боюнча талап кылынган бардык жол-жоболорду аткаруу үчүн зарыл болгон убакыттын мезгилин түшүндүрөт. Бул мезгил компенсацияларды төлөө үчүн экспроприация күнү башталышы керек, ал эми төлөмдөрдү өткөрүп берүү үчүн өткөрүп берүү тууралуу суроо-талап берилген күнү башталышы керек. Кандай болсо дагы бул мезгил бир айдан ашпашы керек.
6) "Аймак" - Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин ар бирине карата анын юрисдикциясында турган кургактагы аймакты, ички сууларды, деңиз жана аба мейкиндигин, эл аралык укуктун ченемдерине ылайык Макулдашуучу Тараптын юрисдикциясы колдонулуучу өзгөчө экономикалык зонаны жана континенталдык шельфти кошо түшүндүрөт.
7) "Чаралар" - туруктуу аракеттерди билдирет жана мыйзамдарды, ченемдерди, чечимдерди, тартипти, талаптарды жана тажрыйбаларды камтыйт.
8) "Улуттук мыйзам" - Макулдашуучу Тараптардын мамлекетинин аймагында күчүндө болгон, Макулдашуучу Тараптардын мамлекетинин мыйзамын, Австрия Республикасына карата Европа Биримдигинин тийиштүү мыйзамдарын билдирет.
2-берене. Инвестицияларды колдоо жана кабыл алуу
1) Макулдашуучу Тараптардын ар бири өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык башка Макулдашкан Тараптын инвесторлорунун инвестицияларын колдоого алуусу жана кабыл алышы керек.
2) Инвестициялоонун же реинвестициялоонун формаларынын ар кандай өзгөрүшү инвестиция катары, бул өзгөрүү инвестиция ишке ашырылып жаткан аймакта Макулдашуучу Тараптын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык келген шартта, анын мүнөзүнө таасирин тийгизбеши керек.
3-берене. Инвестициялык режим
1) Макулдашуучу Тараптардын ар бири экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторлорунун инвестицияларына адилеттүү жана бирдей режимди камсыз кылышы, ошондой эле толук жана туруктуу коргоону жана коопсуздукту кепилдеши керек.
2) Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин инвесторунун инвестицияларын башкарууга, пайдаланууга, кармап турууга, колдонууга, ээ болууга, сатууга же жоюуга зыян келтирүүчү атайын жана кысымга алуу чараларын колдонбоого милдеттенет.
3) Макулдашуучу Тараптардын ар бири башка Макулдашуучу тараптын инвесторунун инвестицияларына же кирешелерине өз инвесторлоруна жана алардын инвестицияларына же үчүнчү жактын инвесторлоруна жана алардын инвестицияларына берилген режимден кем эмес башкаруу, пайдалануу, кармап туруу, колдонуу, ээ болуу, сатуу же жоюу жаатында, инвестор үчүн алардын кайсынысы айрыкча жагымдуу болуп саналгандыгына карабастан алардын инвестицияларына жана кирешелерине жагымдуу режим менен камсыз кылууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 109-б буйругунун редакциясына ылайык)
4) ушул Макулдашуунун бир даты жобосу төмөнкүдөй болуп чечмеленбөөгө тийиш:
а) эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча БУУнун Уставына ылайык Макулдашуучу Тараптын өз милдеттенмелерин аткаруу боюнча кандайдыр-бир аракеттерине тоскоолдук катары;
б) эркин соода чөлкөмү, Бажы бирлиги, жалпы рынок, экономикалык коомчулук, валюта бирлиги, мисалы Европалык бирлик сыяктуу экономикалык интеграция боюнча макулдашуулардын катышуучусу катары өзүнүн милдеттенмелерин аткарууга Макулдашуучу тарапка тоскоолдук катары;
в) Макулдашуучу Тараптын экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторуна же алардын инвестицияларына же кирешелерине таркатылуучу милдеттенме катары же ушундай макулдашууга катышуунун, же ар кандай башка көп тараптуу инвестициялык макулдашуулардын негизинде режимден, жеңилдиктерден же артыкчылыктардан алынган учурдагы же келечектеги артыкчылыктары катары өз милдеттенмелерин аткаруусуна тоскоолдук катары; же
г) Бир Макулдашуучу Тараптын экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторлоруна же алардын инвестицияларына, кирешелерине учурдагы же келечектеги артыкчылыктарына карата Макулдашуучу Тараптын эл аралык макулдашуу же өзүнүн улуттук мыйзамдары боюнча милдеттенмелеринен келип чыгуучу режимди, преференцияларды же артыкчылыктарды колдонууга милдеттемеси катары.
4-берене. Инвестициялар жана айлана-чөйрө
Макулдашуучу Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо боюнча улуттук мыйзамдарды начарлатуунун эсебинен инвестициялоону колдоо алгылыксыз деп таанышат.
5-берене. Инвестиция жана эмгек
1) Макулдашуучу Тараптар Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин эмгек жаатындагы улуттук мыйзамдарынын эсебинен инвестицияларды колдоонун кабыл алынбастыгын таанышат.
2) Ушул берененин максатына ылайык "эмгек жаатындагы мыйзамдар" Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин ар биринин төмөнкүдөй эл аралык таанылган эмгек укуктарына түздөн-түз кирүүчү мыйзамын же ченемдик укуктук актысын билдирет:
а) биригүү укугу;
б) биргелешкен уюмга жана сүйлөшүү жүргүзүүгө болгон укук;
в) мажбурлаган жана зордогон эмгектин ар кандай формасына тыюу салуу;
г) балдардын жана жаштардын эмгекке болгон укугун коргоо, анын ичинде балдарды жумушка орноштуруунун минимум жашы, ошондой эле балдар эмгегинин эң начар формаларына тыюу салуу жана жоюу;
д) минимум эмгек акыга, жумуш саатына, кесиптик коопсуздукка жана саламаттыкты сактоого карата иштөөнүн алгылыктуу шарттары;
е) жумуш менен камсыз болууда жана ишке орношууда алакчылоону жоюу.
6-берене. Ачык-айкындык
1) Макулдашуучу Тараптын ар бири ушул Макулдашуунун иш-аракетине таасирин тийгизиши мүмкүн болгон өз мыйзамдарына, ченемдерине, жол-жоболоруна, ошондой эле эл аралык макулдашууларга ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылышы же аларды өз убагында жарыялашы керек.
2) Макулдашуучу Тараптардын ар бири конкреттүү суроолорго өз убагында жооп бериши керек жана ушул берененин (1) пунктунда айтылган ар кандай чаралар жана маселелер боюнча суроо-талапка ылайык экинчи Макулдашкан Тарапты маалымат менен камсыз кылууга тийиш.
3) Макулдашуучу Тараптардын бирөө дагы айрым инвесторлорго же инвестицияларга тиешелүү өзүнүн мамлекетинин улуттук мыйзамдарын сактоону камсыз кылууга тоскоолдук келтирген жана купуялыкты коргоочу мыйзамдарга жана эрежелерге каршы келе турган маалыматтарды берүү же маалыматты жеткиликтүү кылуу тууралуу суроо-талапка жооп берүүгө милдеттүү эмес.
7-берене. Экспроприация жана компенсация
1) Макулдашуучу Тараптар экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторунун инвестицияларын түз же кыйыр түрдө экспроприациялабайт (мында жана мындан ары - экспроприация деп аталат) жана улутташтырбайт, же ошол сыяктуу таасир этүүчү ар кандай башка чараларды көрбөйт, буга төмөнкүлөр кирбейт:
а) коомдук кызыкчылыктардын максатында;
б) басмырлабаган негизде:
в) белгиленген укуктук жол-жобого ылайык;
1) ушул берененин төмөнкү (2) жана (3) пункттарына ылайык талаптагыдай жана реалдуу компенсацияны токтоосуз төлөп берүүдө.
2) Компенсация төмөнкүдөй болууга тийиш:
а) кечиктирилгис төлөнүүгө тийиш. Кечиктирилген учурда анын себебинен курс боюнча айырмадан келип чыккан ар кандай жоготуулар кабыл алуучу өлкө тарабынан орду толтурулуп берилиши керек;
б) алынып коюлган инвестициянын алынып коюлганга чейинки эквиваленттүү адилеттүү рыноктук наркынын болушу. Адилеттүү рыноктук нарк болуп өткөн экспроприация тууралуу коомдун мурда кабардар болуусунан улам наркта пайда болгон кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү чагылдырбашы керек;
в) доогер тарабынан көрсөтүлгөн өлкөгө доогердин жарандыгы бар өлкөнүн валютасында же доогер үчүн алгылыктуу ар кандай башка эркин алмашылуучу валютада эркин которулушу керек жана төлөнүп берилиши керек;
г) экспроприация күндөгү учурдан тартып төлөм жүргүзгөнгө чейинки төлөм валютасы үчүн LIBOR же EURIBOR сыяктуу рыноктук коюмдун негизинде белгиленген коммерциялык курс боюнча пайыздарды камтышы керек.
3) Экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекети тарабынан экспроприациялоого дуушар болгон Макулдашуучу Тараптын инвестору, экинчи Макулдашуучу Тараптын юстиция органы же башка компетенттүү жана көз карандысыз органы тарабынан ушул берененин шарттарына ылайык өз инвестициялоосун баалоо жана компенсация төлөп берүү кошо кирген ишти тез кароо укугуна ээ болушу керек.
4) Ден соолук, коопсуздук жана айлана-чөйрө сыяктуу коомдун байгерчилигин коргоо максатында иштелип чыккан жана колдонулган Макулдашуучу Тараптардын биринин басмырлабоо чаралары чанда кезигүүчү учурларды эске албаганда мисалы, чаралар же бир катар чаралар алардын максаттарын эске алганда ушунчалык олуттуу болуп саналуу менен алгылыктуу жана ак ниеттүүлүк менен колдонулган катары каралбаган учурлардан башка учурларда кыйыр экспроприацияны түзбөйт.
8-берене. Жоготууларды компенсациялоо
1) Экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагындагы согуштун же башка куралдуу чыр-чатактардын, өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдын, революциянын, көтөрүлүштүн, коомдук баш-аламандыктын же башка ушундай окуялардын, же форс-мажордук жагдайдын кесепетинен экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында өз инвестицияларына карата зыян тарткан Макулдашуучу Тараптын инвесторуна экинчи Макулдашуучу Тарап реституцияга, кайтарып берүүгө, компенсациялоого карата улуттук инвесторлорго же үчүнчү мамлекеттин инвесторлоруна берилген режимден кем эмес, инвестор каалаганына жараша режимди берүүгө тийиш.
2) Ушул берененин (1) пунктунда айтылган учурлардын кайсынысынан болбосун төмөнкүлөрдүн натыйжасында зыян тарткан Макулдашуучу Тараптын инвесторуна:
а) экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында аракеттенген бийлик органдары же күч органдары тарабынан өзүнүн инвестициясын же анын бөлүгүн конфискациялоонун, же
б) кырдаалдын зарылдыгынан улам келип чыкпаган экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин бийлиги же күч органдары тарабынан инвестицияларды же анын бир бөлүгү жок кылынган кандай учур болсо да, ушул Келишимдин 7-беренесинин (2) жана (3) пункттарына ылайык экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекети тарабынан келтирилген зыянды токтоосуз, талаптагыдай жана реалдуу ордун толтуруу же компенсациялоо керек.
9-берене. Которуулар
1) Макулдашуучу Тараптардын ар бири анын мамлекетинин аймагынан жана аймагына экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторунун инвестициялоосуна байланышкан бардык төлөмдөрдү эркин жана кийинкиге калтырбастан которула тургандыгына кепилдик бериши керек. Жогоруда көрсөтүлгөн которуулар өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт, тактап айтканда:
а) баштапкы капиталды жана инвестицияларды колдоо же көбөйтүү үчүн кошумча суммаларды;
б) кирешелерди;
в) контракт боюнча төлөмдөрдү, анын ичинде зайым тууралуу макулдашууну;
г) инвестициялардын бардык суммасын же кайсы бир бөлүгүн сатуудан жана жоюудан түшкөн акча каражатын;
д) Ушул Макулдашуунун 7 жана 8-беренелерине ылайык компенсацияларды төлөөнү;
с) талаш-тартыштарды жөнгө салууда келип чыккан төлөмдөрдү;
ж) инвестициялоого байланыштуу чет өлкөлөрдөн жалданган кызматкерлердин эмгек акыларын жана башка сый акыларын.
2) Макулдашуучу Тараптардын ар бири андан ары которуу жүргүзүлүп жаткан Макулдашуучу Тараптын аймагында которуу күнү күчүндө болгон рыноктук алмашуу курсу боюнча эркин алмашылуучу валютада акча которууларын жүзөгө ашырууну камсыз кылууга кепилдик бериши керек. Банктык чыгымдар объективдүү жана адилеттүү болушу керек.
3) Чет өлкөлүк валюта үчүн рыноктук котировкалоо жок болгон учурда Карыз алуунун Атайын Укуктарындагы валюта которуунун учурдагы алмашуу курсу колдонулат.
4) Ушул берененин (1) жана (3) пункттарына карабастан, ошондой эле ушул Макулдашуунун 3-беренесине (4) ылайык эл аралык милдеттенмелерди аткарууда Макулдашуучу Тарап көрүп жаткан чараларга шектенүү жаратпастан, Макулдашуучу Тарап, ошондой эле тең укуктуу жана басмырлабаган тартипте банкроттук, төлөөгө жөндөмсүздүк же кредиторлордун укугун коргоо, баалуу кагаздарды, фьючерстерди, опцияларды жана деривативдерди чыгаруу, сатуу жана жүгүртүү, которуулардын отчеттору же жазуулары боюнча, акчалардын изин жашыруу же террордук ишти, же жазык кылмыштары же административдик же сот процесстериндеги соттук буйруктарга байланыштуу каржылоону болтурбай коюу аркылуу улуттук мыйзамдарды колдонуу менен, мындай чаралар жана аларды колдонуу Макулдашуучу Тараптын ушул Макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин аткаруудан качуу аракети катары колдонулбаган шартта, которууну болтурбай кое алат.
10-берене. Суброгация
Эгерде Макулдашуучу Тарап же ал дайындаган агенттик экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында инвестордун инвестицияларына карача компенсация төлөсө, камсыздандырууга кепилдик берсе же камсыз кылса, экинчи Макулдашуучу Тарап ушул Келишимдин 2-главасынын 1-бөлүгүнө ылайык биринчи Макулдашуучу Тарапка же ал дайындаган агенттикке ушул инвестордун укуктарын жана талаптарын берүүгө инвестордун укугуна шектенбестен, ошондой эле биринчи Макулдашкан Тараптын же ал дайындаган агенттиктин укугун, ушуга окшогон ар кандай укукту суброгация күчүндө пайдалануусун же анын жолун жолдоочу койгон чекте талаптарды коюшун таанууга тийиш.
11-берене. Башка милдеттер
1) Макулдашуучу Тараптардын ар бири экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторлорунун конкреттүү инвестицияларына карата кабыл алынган бардык милдеттенмелерди сакташы керек. Бул инвестор менен ал келген өлкөнүн ортосундагы контрактты же анын пункттарынын бирин токтотуу ушул Макулдашууну бүтүндөй бузууга алып келет дегенди түшүндүрөт.
2) Эгерде Макулдашуучу Тараптын биринин кандайдыр-бир мыйзамы же азыркы учурда колдонуудагы эл аралык укук боюнча милдеттенмелери же андан ары Макулдашуучу Тараптардын ортосунда ушул Макулдашууга толуктоо катары белгиленген, экинчи Макулдашуучу Тараптын жеке адамдарынын жана юридикалык жактарынын инвестицияларына ушул макулдашуу менен камсыздалган режимден көбүрөөк жагымдуу режимди берүүгө мүмкүндүк берүүчү жалпы же өзгөчө эрежелерди камтыса, мындай эрежелер кайсы деңгээлде жагымдуу болсо, ошол деңгээлде бул Макулдашуудан артыкча болот.
12-берене. Артыкчылыктан баш тартуу
Макулдашуучу Тарап ушул Макулдашуу боюнча экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторуна жана анын инвестицияларына артыкчылык берүүдөн төмөнкү учурларда баш тарта алат: эгерде Үчүнчү Тараптын инвестору менчик ээси болуп саналса же биринчи эскертилген инвесторду контролдоону ишке ашырса жана эгерде бул инвестор инвестордун ишканасы уюмдаштырылган же уюшулган улуттук мыйзамдарга ылайык Макулдашуучу Тараптын аймагында кандайдыр-бир ишкердик ишин жүргүзбөсө.
2-глава. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
1-бөлүк. Инвестор менен Макулдашуучу Тараптын ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу
13-берене. Сереп жана аракет
Бул берене ушул Макулдашуу боюнча биринчи Макулдашуучу Тараптын милдеттенмелеринин болжолдонгон, инвесторду же анын инвестициясын жоготууга же чыгашага алып келиши мүмкүн бузууларга карата Макулдашуучу Тарап менен экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторунун ортосундагы талаш-тартыштарга карата колдонулат.
14-берене. Жөнгө салуу каражаттары. Мөөнөттөр
1) Макулдашуучу Тарап менен экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторунун ортосундагы талаш-тартыштар мүмкүн болушунча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү же кеңешүү жолу менен жөнгө салынышы керек. Эгерде талаш-тартыш чечилбесе, инвестор төмөнкүлөргө кайрыла алат:
а) талаштын тарабы болгон, Макулдашуучу тараптын мамлекетинин компетенттүү сот органына же арбитражына;
б) талаш-тартыштарды жөнгө салуунун мурда макулдашылган кандай гана болбосун жол-жобосуна ылайык; же
в) ушул беренеге ылайык:
эгерде Макулдашуучу тараптын инвесторунун мамлекети жана талаштын тарабы болгон Макулдашкан тараптын мамлекети 1965-жылдын 18-мартында Вашингтондо кол коюлган Мамлекет жана чет өлкөлүк жактардын ортосундагы инвестициялык талаштарды чечүүнүн тартиби жөнүндө конвенциясынын ("ИТЧТЖК конвенциясы") катышуучулары болушса, ИТЧТЖК конвенциясына ылайык түзүлгөн Инвестициялык талаштарды жайгаруу боюнча эл аралык борборго ("Борбор");
эгерде Макулдашуучу тараптын инвесторунун мамлекети же талаш-тартыштын тарабы болуп саналган Макулдашуучу тараптын мамлекети, бирок экөө тең эмес, ИТЧТЖК Конвенциясынын катышуучусу болсо, Борбордун Катчылыгы тарабынан соттук териштирүүлөрдү башкаруу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жөнгө салуучу эрежелерди сактоо менен Борборго;
Эл аралык соода укугу боюнча БУУнун Комиссиясынын арбитраж жүргүзүү эрежелерине (ЮНИСТРАЛ) ылайык уюшулган жеке арбитрге же убактылуу арбитражга;
Эл аралык соода палатасына, арбитраж жүргүзүү эрежелерине ылайык жеке арбитрга же убактылуу арбитражга.
2) Талаш-тартыш ушул берененин 1(в) пунктуна ылайык талаш-тартыштын тарабы болуп саналган Макулдашуучу тараптын ниети жөнүндө кабар алынган учурдан тартып 60 күн аяктагандан кийин, бирок талаш-тартыштын пайда болушуна алып келген окуялар жөнүндө инвесторду кабарлоо учурунан тартып 5 жылдан кечиктирбестен кароого берилсе болот.
"3) Ушул берененин 1-пунктуна ылайык түзүлгөн Арбитраждык сот ачык-айкындуулук жөнүндө ЮНСИТРАЛдын эрежелерин кабыл алат.".
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 109-б буйругунун редакциясына ылайык)
15-берене. Макулдашуучу тараптын макулдугу
1) Ушуну менен ар бир Макулдашуучу тарап ушул бөлүмгө ылайык, биринчи инстанциядагы соттор тарабынан талаш-тартышты өндүрүшкө кабыл алган мезгилден тартып эл аралык арбитраждык соттун кароосуна берүүгө өзүнүн макулдугун берет. Бирок эгерде Макулдашуучу тараптардын биринин биринчи инстанциядагы соту иштин жөн-жайы боюнча акыркы чечимди чыгарса, талаш-тартыштар эл аралык арбитраждын кароосуна берилбейт.
2) Ушул берененин (1) пунктунда айтылган макулдук ички административдик жана соттук чечимдерди аткаруу талабынан баш тартуу дегенди түшүндүрбөйт.
16-берене. Арбитраждын жайгашуусу
Ар кандай арбитраждын сот ушул Макулдашуунун ушул бөлүгүнө ылайык талаш-тартыштардын ар кандай тараптарынын суроо-талабы боюнча 1958-жылдын 10-июнунда Нью-Йорк шаарында кол коюлган Чет өлкөлүк арбитраждык чечимдерди таануу жана аткаруу жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Конвенциясынын катышуучусу болуп саналган мамлекеттин аймагында өткөрүлүшү керек. Ушул беренеге ылайык арбитраждык сотко берилген арыздар Нью-Йорк конвенциясынын 1-беренесинин максаттарында коммерциялык мамилелердин же эмгек бүтүмдөрүнүн натыйжасы катары каралышы керек.
17-берене. Чыгымдардын ордун толтуруу
Макулдашуучу тарап өзүнүн укуктарын коргоо, компенсацияга укук катары же чыгымдардын ордун толтуруу. кепилдик берүү же камсыздандыруу жөнүндө контрактка ылайык чыгымдын ордун төлөтүү же болуучу чыгымды толук же анын айрым бөлүгүн төлөтүп алуу учун утурлай доо койбоого тийиш.
18-берене. Колдонулуучу укук
1) Ушул Макулдашуунун бул бөлүгүнө ылайык уюшулган арбитраж талаш-тартыштарды ушул Макулдашууга, эл аралык укуктун колдонулуучу эрежелерине жана принциптерине ылайык чечиши керек.
2) Ушул Макулдашуунун 11-беренесинин алкагындагы талаш-тартыш маселелер башка макулдашуу жок болсо, талаш-тартыштын тарабы болуп саналган Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына, жайгарууну жана келишүүнү жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык, ошондой эле колдонууга мүмкүн болгон эл аралык укуктун ушул сыяктуу эрежелери менен чечилиши керек.
19-берене. Милдеттүү чечим жана мажбурлоо чаралары
1) Пайыздарды төлөө жөнүндө чечимдерди камтышы мүмкүн болгон арбитраждык чечимдер талаш-тартыштын эки тарабына тең акыркы болушу керек жана өндүрүп алуунун төмөнкү формаларын камсыз кылышы мүмкүн:
а) Макулдашуучу тарап ушул макулдашуу боюнча өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы жөнүндө арыз;
б) зыян келтирилген мезгилден тартып төлөө мезгилине чейинки пайыздарды кошо камтый турган финансылык компенсация;
в) Макулдашуучу тарап финансылык компенсацияны төлөй ала турган тиешелүү учурларда реституция колдонулбай турган учурлардагы реституция; жана
г) талаштын тараптарынын макулдугу менен өндүрүп алуунун ар кандай башка формасы.
2) Ар бир Макулдашуучу тарап ушул беренеге ылайык кабыл алынган чечимдерди натыйжалуу аткаруу боюнча чараларды көрүүгө жана өзү бир тарап болгон сот процессинде кабыл алынган ушундай чечимди кечиктирбестен аткарууга тийиш.
2-бөлүк. Макулдашуучу тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу
20-берене. Колдонуу чөйрөсү, консультациялар, арачылык, жараштыруучу жол-жоболор
Ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга карата Макулдашуучу тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар мүмкүнчүлүккө жараша достук жолу менен же консультациялар, ортомчулар же жараштыруу жол-жобосу аркылуу жөнгө салынышы керек.
21-берене. Сот териштирүүсүн демилгелөө
1) Ар кандай Макулдашуучу тараптардын суроо-талабы боюнча ушул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу боюнча талаш-тартыш арбитраждык соттун кароосуна экинчи Макулдашуучу тарапты ушундай ниети жөнүндө кабарлоодон кийин алтымыш (60) күндөн эрте эмес өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
2) Эгерде экинчи Макулдашуучу тарап ушул талаш-тартыш боюнча чыгарылган милдеттүү чечимдерди колдонсо же аткарса же ушундай сот териштирүүлөрү инвестордун талабы боюнча арбитраждык соттун чечимисиз аяктаса, ушул Макулдашуунун 2-главасынын 1-бөлүгүнө ылайык инвестор арбитраждык соттун кароосуна берген инвестордун укуктарынын бузулушуна байланыштуу талаш-тартышка карата ушул бөлүктүн чегинде Макулдашуучу тарап сот териштирүүсүн демилгелебеши мүмкүн.
22-берене. Арбитражды түзүү
1) Арбитраждык сот төмөнкүлөргө ылайык убактылуу уюшулууга тийиш:
Ар бир Макулдашуучу тарап бирден мүчөнү дайындашы керек, алар өз кезегинде өзүнүн төрагасы катары үчүнчү өлкөнүн жараны жөнүндө макулдукка келиши керек. Бул мүчөлөр биринчи Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка талаш-тартышты арбитраждын кароосуна алып чыгуу жөнүндө өзүнүн ниетин маалымдаган учурдан тартып эки айдын ичинде дайындалышы керек, анын төрагасы андан кийинки эки айдын ичинде дайындалууга тийиш.
2) Эгерде ушул берененин (1) пунктунда каралган мөөнөттөр сакталбаса, башка тиешелүү макулдашуу жок болсо, ар кандай Макулдашуучу тарап керектүү дайындоолорду ишке ашыруу үчүн Эл аралык соттун төрагасын чакыра алат. Эл аралык соттун төрагасы Макулдашуучу тараптардын биринин жараны болгон учурда же ал башка себептер менен жогоруда көрсөтүлгөн функцияларды аткаруудан бошотулса, Вице-президент же ал жөндөмсүз болгон учурда Эл аралык соттун кызмат орду боюнча андан кийинки мүчөсү ушул эле шарттарда зарыл болгон дайындоолорду жүзөгө ашыруу үчүн чакырылышы мүмкүн.
3) Арбитраждык соттун мүчөлөрү көз карандысыз жана калыс болушу керек.
23-берене Колдонулуучу укук. Унчукпоо боюнча эреже
1) Арбитраждык сот талаш-тартыштарды ушул Макулдашууга жана эл аралык укуктун колдонуудагы эрежелерине жана принциптерине ылайык чечет.
2) Талаш-тартыштын тараптары башка чечимди кабыл алган учурда, Бейтарап соттун Туруктуу палатасы ушул бөлүктүн башка шарттары менен жөнгө салынбаган маселелерди карайт.
24-берене. Милдеттүү чечимдер
1) Бейтарап сот милдеттүү чечимди чыгарууда өзүнүн мыйзамдуу чечимин жана фактыларды тиешелүү себептер менен бирге так баяндашы керек жана Макулдашуучу тараптын суроо-талабы боюнча өндүрүп алуунун төмөнкү формалары жөнүндө милдеттүү чечимди чыгарышы мүмкүн:
а) Макулдашуучу тараптын иш-аракети ушул Макулдашуу боюнча анын милдеттеринин шарттарына карама-каршы келе тургандыгы жөнүндө билдирүү;
б) Макулдашуучу тарапка өзүнүн аракеттерин ушул Макулдашуунун милдеттерине ылайык келтирүүнү сунуштоо;
в) Макулдашуучу тараптын инвесторуна же анын инвестицияларына келтирилген залал же бардык жоготуулар үчүн финансылык компенсация; же
г) ага каршы милдеттүү чечим кабыл алынган Макулдашуучу тарап макул болгон өндүрүп алуунун ар кандай башка түрү, анын ичинде инвесторго карата реституция.
2) Арбитрдин чечими акыркы жана талаш-тартыштын тараптары тарабынан аткарууга милдеттүү болот.
25-берене. Чыгымдар
Ар бир макулдашуучу тарап сот процессиндеги өзүнүн өкүлчүлүгү үчүн чыгымдарды көтөрүшү керек. Эгерде Бейтарап сот тарабынан ар кандай суммадагы төлөмдөр жөнүндө сүйлөшүлбөсө, Бейтарап соттун чыгымдарын Макулдашуучу тараптар бирдей деңгээлде төлөшү керек.
26-берене. Мажбурлоо боюнча чаралар
Чечим чыгарылган учурдан тартып бир жылдын ичинде аткарылбаган финансылык компенсацияны төлөп берүү боюнча чечимдерге карата юрисдикцияга ылайык милдеттерди аткарбаган тараптын активдерине Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин соту тарабынан мажбурлоо чаралары колдонулушу мүмкүн.
3-глава. Корутунду жоболор
27-берене. Макулдашууну колдонуу чөйрөсү
1) Бул Макулдашуу Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында анын улуттук мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылган инвестицияларга карата колдонулат.
2) Бул Макулдашуу ушул Макулдашуунун 14-беренесине (1) (в) ылайык бул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин коюлган талаптарга жана жол-жоболорго карата колдонулбайт.
28-берене. Консультациялар
Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка ушул Макулдашууга тийиштүү ар кандай маселе боюнча консультация өткөрүүнү сунуштай алат. Консультация өткөрүүнүн жери жана убактысы дипломатиялык каналдар боюнча аныкталат.
29-берене. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
Макулдашуучу Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуучу өзүнчө протокол менен таризделет жана ушул Макулдашуунун 30-беренесинин жол-жоболоруна ылайык күчүнө кирет.
30-берене. Күчүнө кириши жана жарактуулук мөөнөтү
1) Бул Макулдашуу ратификацияланышы керек жана ратификациялык грамоталарды алмашуу болгон айдан кийинки үчүнчү айдын биринчи күнү күчүнө кирет.
2) Бул Макулдашуу он (10) жыл бою күчүндө болот жана Макулдашуучу тараптардын бири кезектеги мөөнөт аяктаганга чейин он эки ай (12) мурун анын аракетин токтотуу ниети жөнүндө экинчи Макулдашуучу тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө кабарлабаса, кийинки он жылдык мөөнөттөргө өзүнөн-өзү узартылат.
3) Ушул Макулдашуунун аракеттенүү мөөнөтү аяктаган күнгө чейин жүзөгө ашырылган инвестицияларга карата ушул Макулдашуунун 1-беренесинен 29-беренесине чейин айтылган жоболор ушул Макулдашуунун аракети токтотулган учурдан тартып кийинки 10 жылдык мезгилге күчүндө калышы мүмкүн.
______________ шаарында _____- жылдын "___" _________ эки нускада кыргыз, немец, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер болсо, англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Австрия Республикасынын Өкмөтү үчүн |