Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 19-марты № 106-б
Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтар базасын түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтар базасын түзүү боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсетүүлердү сатып алууну бүткөрүү үчүн 107,5 млн (жүз жети миллион беш жүз миң) сомду бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тийиштүү ондоолорду караштырган долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздасын;
- 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын пайдаланылгандыгы жөнүндө маалымат берсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|