Редакцияот 23.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 23-марта № 112-б

Мамлекеттик мүлктү сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын кызматкерлерин, угуучуларын жана студенттерин социалдык жактан коргоону жана ден соолугун чындоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкметүнүн Иш башкармасы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкметунүн Иш башкармасынын алдындагы "Ак Толкун" мамлекеттик ишканасын (мындан ары - мамлекеттик ишкана) мүлктүк комплекси менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын карамагына өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы өткөрүп берүүчү мамлекеттик ишкананы белгиленген тартипте өзүнүн карамагына кабыл алуу;

- ушул  буйруктан  келип  чыккан  уюштуруучулук жана башка чараларды көрүу сунушталсын,

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлкгү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте "Чолпон-Ата" эс алуу үйүнүн № 15 корпусун жанаша турган жалпы аянты 1,5 га аймагы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкметүнүн Иш башкармасынын алдындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 2 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 105-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-мартыдагы № 198-б буйругу.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө

жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев