Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 112-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 28-марты № 105-б
Мүлктүк комплексти сактоо, ошондой эле "Эл-Нуру" пансионатынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте Ысыккөл облусу, Ысыккөл району, Чолпоната шаары дарегинде жайгашкан "Эл-Нуру" пансионатын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын балансынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын № 2 Мамлекеттик резиденциясынын балансына өткөрүп берсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |