Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-марты № 113-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Америка Кошмо Штаттарынын Юстиция министрлигинин Баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын ортосундагы Баңгизаттарды, психотроптук каражаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Америка Кошмо Штаттарынын Юстиция министрлигинин Бангизаттарга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгы,
Бангизаттарды, психотроптук каражаттарды жана алардын прекурсорлорун (мындан ары - бангизаттар) мыйзамсыз жүгүртүү Тараптардын жарандарынын ден соолугуна жана жыргалчылыгына олуттуу коркунуч келтирип жана ар кандай коомдун саясий, экономикалык, социалдык жана маданий чөйрөлөрүнө таасир тийгизген көйгөй экендигин таанышып,
1961-жылдагы Банги каражаттары жөнүндө Бирдиктүү Конвенциянын, 1961-жылдагы Баңги каражаттары жөнүндө Бирдиктүү Конвенцияга ондоолор жөнүндө 1972-жылдагы Протоколдун, 1971-жылдагы Психотроптук заттар жөнүндө конвенциянын, 1988-жылдагы Бангизаттарды жана психотроптук каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө конвенциянын жоболорун көңүлгө алышып,
Тараптардын кызматташуусунда бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү ийгиликтүү ишке ашаарына ишенишип,
бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшкө багытталган натыйжалуу чараларды көрүүгө жана бул чөйрөдө кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара кызыкчылыктарын билдиришип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык бангизаттарды мыйзамсыз жугүртүүгө каршы күрөшүү максатында эл аралык негизде кызматташат, алар төмөнкү чөйрөлөрдү камтышы мүмкүн: бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүтө каршы күрөшүүгө байланышкан маалыматтарды алмашууну;
бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тартылган кьшмыштуу уюмдардын, топтордун жана адамдардын иштерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча зарыл чараларды көрүүдө өз ара жардамдашууну;
улутуна карабастан бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тартылган адамдар, топтор жана/же уюмдар жөнүндө, ошондой эле алардын кьшмыштуу иштеринин методдору, ыкмалары жана жолдору жөнүндө маалыматтарды ез ара алмашууну;
- жолугушууларды, конференцияларды жана тренинг-семинарларды уюштурууну кошуп алганда практика алмашууну;
- материалдык жана техникалык өз ара жардам көрсөтүү жана консультация берүүнү, ошондой эле эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жардам кылууну;
- бангизаттарды мыйзамсыз ташууга байланышкан кылмыштуу ишти болтурбоого багытталган биргелешкен планды иштеп чыгууну.
2. Эгерде суралган маалыматты берүү башка Тараптын мамлекеттик мыйзамдарына каршы келбесе, Тараптар ушул Меморандумдун алкагында маалыматтарды алмашуу бир Тараптын суроо-талабынын же демилгесинин негизинде жүргүзүлүпгү мүмкүн деген жалпы ниетте болушат.
3. Тараптардын ушул Меморандумдун алкагында маалыматтарды алмашуусу жашыруун сыр болуп эсептелет жана бир ушул Меморандумдун максатында гана пайдаланылат жана мындай маалымат экинчи Тараптын макулдугусуз үчүнчү жактарга берилбей тургандыгына макул болушат.
4. Ушул Меморандумда каралган кызматташтыкты жүзөгө ашырууну кайра кароо жана аны андан ары өнүктүрүү максатында Тараптар жумушчу жолугушууларды уюштура алышат.
5. Кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Тараптар аларды жүзөгө ашыруу ишине байланышкан мыйзамдарды жана башка жөнгө салуучу юридикалык документтерди, материалдарды, статистикалык маалыматтарды, бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы чара көрүүгө тиешеси бар маселелер боюнча методологиялык рекомендацияларды алмаша алышат.
6. Ушул Меморандум Тараптардын кызматташтыгынын оз ара алгылыктуу башка формаларын өнүктүрүүгө тоскоолдук кылбайт.
7. Ушул Меморандум Тараптарга кандайдыр бир юридикалык милдеттенмелерди жүктөбөйт, алар катышуучулары болгон башка эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан, ошондой эле Тараптардын улуттук мыйзамдарынан, ченемдик документтеринен жана колдонуудагы практикасынан келип чыккан укуктарына жана милдеттенмелерине тиешеси болбойт.
8. Ушул Меморандумдун колдонулушу каалаган учурда Тараптардын биринин экинчи Тарапка алдын ала билдирүүсү менен токтотулушу мүмкүн. Мында ушул Меморандум жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган учурдан тартып үч айдан кийин күчүн жоготту деп эсептелет.
9. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө Протоколдор менен таризделет.
10. 2015-жылы«___» _________ шаарында ар бири кыргыз, англис жана орус тилдериндеги эки нускада түзүлдү, бардык тексттер аутенттүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн | Америка Кошмо Штаттарынын Юстиция министрлигинин Бангизаттарга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгы үчүн |