КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 25-марты № 121-б
Бишкек шаарында 2015-жылдын 25-26-мартында болуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркеме ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлердүн жыйынтыгынын протоколуна. кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Бишкек шаарында 2015-жылдын 25-26-мартында болуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкьнын ортосундагы "Ош шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын курамы
Мамбетов Турдубек Мамбетович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, делегациянын башчысы; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Джакыпов Кылычбек Джумадилович | - Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Оторбаев Эринес Мотойович | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Мурзаев Кубат Садырбекович
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын начальниги; |
ТурганбаевТолон Самудинович
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер департаментинин директорунун орун басары; |
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Капаров Талантбек Ташиевич
| - Ош шаарынын "Тазалык" муниципалдык ишканасынын начальниги (макулдашуу боюнча). |