Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-марты № 66
"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча тендер өткөрүүнүн жана жыйынтыктарын баалоонун жүрүшүн талдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведометволор аралык жумушчу топ түзүлсүн.
2. Мамлекегтик органдардын жетекчилери ушул буйруктун тиркемесинде аталган кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине ведометволор аралык жумушчу топтун ишинин меөнөтүндө командировкага жиберишеин.
3. Ведометволор аралык жумушчу топ бир апталык мөөнеттө белгиленген тартипте "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча тендер өткөрүүнүн жүрүшү жана тендердин жыйынтыктары жөнүндө корутунду берсин.
4. Ведометволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын, ишканалардын жана уюмдардын адистерин, ошондой эле коз карандысыз эксперттерди ишке тартууга уруксат берилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Тиркеме
"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча тендер өткөрүүнүн шарттарын текшерүүчү ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Каримбеков А.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Канулькулов М.Э.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн Аппаратынын укуктук камсыздоо белүмүнүн зксперти, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Скобеев Е.Л. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору; |
Абдыжалиев Б.Р. | - Кыргыз Республикасынын министрлигинин Башкы начальниги; |
Шарабидинов Н.Ш. | - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук кызматкери; |
Карыбеков У.К.
| - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин долбоорлорду жана мыйзамдан келип чыгуучу актыларды экспертизалоо боюнча башкармалыгынын жетектөечү адисинин милдетин аткаруучу; |
Шамканов Н.К. | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестипияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин мамлекеттик-жеке өнектөштүктү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Эралиев Т.Т. | - мамлекеттик кызматтын мамлекеттик органдарда экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын бюджеттик чөйредөгү кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн начальниги; |
Дыйканбаев А.А.
| - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемесинин директору; |
Ибраев А.С.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ички контролдоо башкармалыгынын начальниги; |
Алымбеков Н.Т.
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чектеш өлкөлөр департаментинин кеңешчиси; |
Оскомбаев М.С.
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын бөлүм башчысы. |