Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 25-марты № 122-б
Бишкек шаарында 2015-жылдын 25-26-мартында болуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөту менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Баткен шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык;
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынын протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Мамбетов Турдубек Мамбетович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директор) делегациянын башчысы; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Джакыпов Кылычбек Джумадилович | - Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Токтошев Аскарбек Сулейманович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана агындылоону өнүктүрүү департаментинин директору; |
Турганбаев Толон Самудинович | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер департаментинин директорунун орун басары; |
Мурзаев Кубат Садырбекович | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын начальниги; |
Базарбаева Жылдыз Назарбековна | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын начальниги; |
Жалалов Жаныбек Махматалиевич | - Баткен шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Камчиев Таанышбек Шамшиевич | - "Баткенсууканалы" муниципалдык ишканасынын начальниги. |