Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТР
БУЙРУК
2015-жылдын 25-марты № 70
Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жана тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык-жерге жайгаштыруу боюнча жумушчу топторунун кезектеги биргелешкен жолугушуусу 2015-жылдын 30-мартынан 3-апрелине чейин Бишкек шаарында өткөрүлсүн.
2. Аталган жолугушууга катышуу үчүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын укуктук маселелер боюнча жумушчу тобунун жана топографиялык-жерге жайгаштыруу боюнча жумушчу тобунун. анын ичинде тартылган адамдардын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын зсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Искандаров Курбанбай Алибаевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчиси; |
Дооталиев Улан Тимурович | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, укуктук маселелер боюнча жумушчу топтун жетекчиси; |
Бообеков Нурлан Жанадилович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Рыскулова Жылдыз Жакшылыковна | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын экспертизанын адистештирилген түрлөрүн жүргүзүү боюнча бөлүм башчысы; |
Калматов Азамат Маматысакович | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүмүнүн начальниги; |
Урмамбетов Бакытбек Дженалиевич | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чектеш өлкөлөр депаргаментинин биринчи катчысы; |
Касмалиев Ажыбек Кадыркулович | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору, топографиялык-жерге жайгаштыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси; |
Абдураимов Бекназар Элмуратович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Ботобаев Каныбек Калбаевич | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жер с жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Мурзаев Абдималик Мурзаевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун орун басары; |
Борубаев Назирбек Нарматович | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту"' мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги; |
Эргешов Абдиназар Мамытович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменгинин Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкар.масынын начальниги; |
Мамаюсупов Исматилла Абдуллаевич | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменгинин Сүлүктү-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги. |