Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2015-жылдын 3-апрели № 51
Эл аралык денгээлде Кыргыз Республикасынын брендин түзүү жана илгерилетүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жагымдуу беделин тузүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2015-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын жагымдуу .беделин түзүү жана чет өлкөлөрдө экономиканын артыкчылыктуу тармактарын натыйжалуу позициялоо боюнча программанын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм минкстрлиги Кыргыз Республикасынын жагымдуу беделин түзүү жана чет өлкөлөрдө экономиканын артыкчылыктуу тармактарын натыйжалуу позициялоо боюнча программанын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун зарыл болгон учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администратиздик ведомстволордун жана аткаруу бийлик органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин,
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлсүн
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат Жетекчиси-министр |
|
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору -министрдин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары,
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөпөрү:
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары: Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
"Чет элдик инвестициялар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Trout & Partners" компаниясынын директору (макулдашуу боюнча).