Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 27-марты № 132-р
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрында № 492-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого даярдануу боюнча 2014-2015-жылдарга карата иш-чаралардын планынын 1-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 2.1-2.6-пункттар менен толукталсын:
2.1 | Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн кмаратынын жанындагы аянтта (эски аяшта) мектеп окуучуларынын, баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын окуучуларынын, орто жана жогорку окуу жайлардын күндүзгү формада окуп жаткан студенттеринин катышуусу менен театрлаштырылган оюнду (парадды) даярдоо жана өткөрүү | 2015-жылдын апрель - майы | ММТМ, БИМ, ЭМЖМ, ФМ, НИМ, МУКК, Бишкек шарынын мзриясы (макулдашуу боюнча), КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы | РБ, ЖБ, (бюджеттен тышкаркы каражаттар) |
2.2 | Ачык Ысык-Көл, элдердин арасында тынчтыкты, достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо" деп аталган III эл аралык фестивалды даярдоо жана өткөрүү | 2015-жылдын июну | КРӨ Ысык-Кел жана Чүй облустарындагы ЫУӨ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), ТИМ. KM, ММТМ, ФМ, БИМ, Спорт агенттиги | РБ, ЖБ, (бюджеттен тышкаркы каражаттар) |
2.3 | "Түөлүктүүлүк жана Жашоо үчүн!" деп аталган акцияны даярдоо жана өткөрүү | 2015-жыддын март - апрели | КРӨ облустардагы ЫУӨ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), ММТМ | РБ, ЖБ, (бюджеттен тышкаркы каражаттар) |
2.4. | "Эскерүү эстафетасы" деп аталган акциянк даярдоо жана өткөрүү | 2015- жылдын марты | КМ, ММТМ, ӨКМ, ССМ, ИИМ, БИМ, ФМ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) | РБ, ЖБ, (бюджеттен тышкаркы каражаттар) |
2.5. | "Жеңиш вальсы" деп аталган эл аралык жаштар акциясын даярдоо жана өткөрүү | 2015- жылдын майы | ММТМ, БИМ, ЭМЖМ, КМ, ТИМ, ФМ | РБ, ЖБ, (бюджеттен тышкаркы каражаттар) |
2.6 | Агитациялык веложүрүштү маадыматтык колдоону камсыздоо | 2015- жылдын апрели | ММТМ | РБ, ЖБ, (бюджеттен тышкаркы каражаттар) |
Премьер-министр |
|