Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 16-декабры № 492-б
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-мартындагы № 132-б буйругунун редакциясына ылайык)
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого даярдануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого даярдануу боюнча 2014-2015-жылдарга карата иш-чаралардын тиркелген Планы (мындан ары - План) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2014-2015-жылдарга республикалык бюджетте 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө керектүү каражаттарды караштырсын.
3. Планды ишке ашырууга катышкан министрликтер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комитет, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого даярдануу боюнча чараларды көрүшсүн;
- 2014-2015-жылдарга бюджетте 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого даярдануу жана майрамдоо үчүн керектүү каражаттарды караштырышсын;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине 2015-жылдын 15-июнуна карата Пландын ишке ашырылышы жөнүндө жыйынтык отчет беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
- региондордо Пландагы иш-чаралардын аткарылышын туруктуу негизде контролдошсун;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аткарган иштер жөнүндө жыйынтыкталган отчетту Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине 2015-жылдын 15-июнуна карата беришсин.
5. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги 2015-жылдын 1-июлуна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Пландын аткарылышы жөнүндө жыйынтыкталган отчетту берсин.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- согуштун ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында кайрымдуулук акцияларын өткөрүү үчүн каражат табуу;
- аткарылган иштер тууралуу жыйынтык маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына 2015-жылдын 1-июнуна карата берүү.
7. Менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактарга 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына кайрымдуулук негизде ар тараптуу жардам көрсөтүү сунушталсын.
8. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына, облустук телерадиокомпанияларга жана менчигинин түрүнө карабастан жалпыга маалымдоо каражаттарына 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого даярдыкты кеңири чагылдырууну уюштуруу сунушталсын.
9. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 20-декабрында № 101 жарыяланды.
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 492-б буйругу менен бекитилген |
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого даярдануу боюнча 2014-2015-жылдарга карата иш-чаралардын планы
№ | Иш-чаранын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар | Каржылоо булагы |
1. Уюштуруу-методикалык иш-чаралар | ||||
1 | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылды Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана ооруктун эмгекчилеринин жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгынын долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү | 2014-жылдын сентябрь айы | КМ | Талап кылынбайт |
2 | Республиканын бардык региондорунан ардагерлердин катышуусу менен Бишкек шаарынын "Ала-Too" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган аскердик парадды даярдоо жана өткөрүү | 2015-жылдын 9-майы | КМ, ИИМ, МЧК, МУКК, ӨКМ, ФМ, ССМ, СӨМ, ЖАМК, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек ш. мэриясы, ЖӨБО | РБ, ЖБ (бюджеттин чегинде) |
2.1 | Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн кмаратынын жанындагы аянтта (эски аяшта) мектеп окуучуларынын, баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын окуучуларынын, орто жана жогорку окуу жайлардын күндүзгү формада окуп жаткан студенттеринин катышуусу менен театрлаштырылган оюнду (парадды) даярдоо жана өткөрүү | 2015-жылдын апрель - майы | ММТМ, БИМ, ЭМЖМ, ФМ, НИМ, МУКК, Бишкек шарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы | РБ, ЖБ, (бюджеттен тышкаркы каражаттар |
2.2 | Ачык Ысык-Көл, элдердин арасында тынчтыкты, достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо" деп аталган III эл аралык фестивалды даярдоо жана өткөрүү | 2015-жылдын июну | КРӨ Ысык-Кел жана Чүй облустарындагы ЫУӨ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), ТИМ. KM, ММТМ, ФМ, БИМ, Спорт агенттиги | РБ, ЖБ, (бюджеттен тышкаркы каражаттар) |
2.3 | "Түөлүктүүлүк жана Жашоо үчүн!" деп аталган акцияны даярдоо жана өткөрүү | 2015-жыддын март - апрели | КРӨ облустардагы ЫУӨ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), ММТМ | РБ, ЖБ, (бюджеттен тышкаркы каражаттар) |
2.4. | "Эскерүү эстафетасы" деп аталган акциянк даярдоо жана өткөрүү | 2015-жылдын марты | КМ, ММТМ,ӨКМ, ССМ,ИИМ, БИМ, ФМ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) | РБ, ЖБ, (бюджеттен тышкаркы каражаттар |
2.5. | "Жеңиш вальсы" деп аталган эл аралык жаштар акциясын даярдоо жана өткөрүү | 2015- жылдын майы | ММТМ, БИМ, ЭМЖМ, КМ, ТИМ, ФМ | РБ, ЖБ, (бюджеттен тышкаркы каражаттар) |
2.6 | Агитациялык веложүрүштү маалыматтык колдоону камсыздоо | 2015- жылдын апрели | ММТМ | РБ, ЖБ, (бюджеттен тышкаркы каражаттар) |
3 | 9-майда Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн "Солдат боткосу" акциясын уюштуруу | 2015-жылдын 9-майы | Бишкек ш. мэриясы, КМ, ИИМ, ФМ, ССМ, СӨМ | РБ, ЖБ (бюджеттин чегинде) |
4 | "Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 70 жыл" мааракелик медалын даярдоо жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине тапшыруу | 2014-2015-жылдар | КМ, ФМ, ЖМА, ЖӨБО, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ардагерлердин коомдук уюмдары (макулдашуу боюнча) | РБ, ЖБ (бюджеттин чегинде) |
5 | КМШга катышкан мамлекеттердин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган эл аралык иш-чараларына, анын ичинде Москва шаарындагы Жеңиш Парадына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катышуусун камсыздоо | 2015-жылдын май айы | ТИМ, КМ, ФМ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ардагерлердин коомдук уюмдары (макулдашуу боюнча) | РБ, ЖБ (бюджеттин чегинде) |
6 | Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына карата "1941-1945-жж. Мекенди коргоочулар түбөлүк эсте сакталсын" аттуу кайрымдуулук акцияларды, марафондорду өткөрүү. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча колдоо көрсөтүүгө каражат жумшоо | 2015-жыл | КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, Бишкек жаяа Ош шаарларынын мэриялары, ЖӨБО, ардагерлердин коомдук уюмдары (макулдашуу боюнча) | Бюджеттен тышкаркы каражаттар |
7 | Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган аскердик-илимий конференция өткөрүү | 2015-жылдын февраль-марты | УИА, КМ, ФМ, ИИМ, МЧК, МУКК, БИМ, ЭМЖМ | Бюджеттен тышкаркы каражаттар |
8 | Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги мекемелеринде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү (көргөзмөлөрдү, эскерүү кечелерин, тегерек үстөлдөрдү уюштуруу) | 2013-2015-жылдар | ИИМ, ММТМ, КМ | Бюджеттен тышкаркы каражаттар |
9 | "И.В.Панфилов атындагы 8-мото аткычтар гвардиялык дивизиясы" деген китепти кыргыз жана орус тилинде кайрадан басып чыгаруу | 2014-2015-жылдар | КМ, КР Улуттук чыгармачыл жазуучулар союзу (макулдашуу боюнча) | РБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
10 | Жеңиш маршын уюштуруу (Токмок ш. - Бишкек ш. каттамы боюнча чуркоо) | 2015-жылдын май айы | КМ, Спорт агенттиги, ЭМЖМ, КРӨ Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек жана Токмок шаарларынын мэриялары | Министрликтердин жана ведомстволордун бюджеттери-нин чегинде |
11 | Республиканын бардык шаарларында жана райондорунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган төмөнкүдөй иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү: - концерттик программаларды; - спорттук мелдештерди; - көркөм жана фото көргөзмөлөрдү; - эскерүү кечелерин; - тематикалык спектаклдерди; - китеп жарманкелерин жана көргөзмөлөрүн; - лекция-концерттерди | 2014-2015-жылдар | ЭМЖМ, Спорт агенттиги, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО | РБ, ЖБ (бюджеттин чегинде) |
12 | Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу маданий-массалык жана театрлаштырылган иш-чараларды республиканын бардык шаарларында жана райондорунда уюштуруу жана өткөрүү | 2015-жылдын 9-майы | ММТМ, ЖМА, ЖӨБО, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | РБ, ЖБ (бюджеттин чегинде) |
13 | И.В.Панфилов атындагы Куралдуу күчтөр музейин ачуу маселеси боюнча чечим кабыл алуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү | 2014-жылдын май айы | КМ, ФМ, ММТМ, МЧК, ММБФ, Бишкек шаарынын мэриясы | РБ, МБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
14 | Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларды өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо | 2015-жылдын май айы | ИИМ, КМ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | Бюджеттин чегинде |
15 | Аскер ырларына сынак өткөрүү | 2015-жылдын апрель айы | ММТМ, КМ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО | РБ, ЖБ (бюджеттин чегинде) |
2. Ардагерлер уюмдарынын ишин активдештирүү | ||||
16 | Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин, коомчулуктун, жаштар кыймылынын лидерлеринин, аскер кызматкерлеринин катышуусу менен мекенчилдик темадагы тегерек үстөлдөрдү өткөрүүнү уюштуруу | 2014-2015-жылдар | КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ЖӨБО, ардагерлердин коомдук уюмдары жана жаштар коомдук уюмдары (макулдашуу боюнча) | Талап кылынбайт |
17 | Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары, студенттер, курсанттар, аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлери, муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлер менен өткөрүлгөн иш-чараларга шаардык жана райондук ардагерлер кеңешинин мүчөлөрүн чакыруу | 2014-2015-жылдар | Министрликтер, ведомстволор, ЖМА, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ЖӨБО | Талап кылынбайт |
18 | "Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин офисинин оңдоо-калыбына келтирүү иштери" долбоорун ишке ашыруу | 2014-2015-жылдар | ЭМЖМ, Курулуш агенттиги, ЖӨБО | РБ, ЖБ (бюджеттин чегинде) |
19 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык, облустук, райондук жана ведомстволук маанидеги ардагерлер кеңештерин өз убагында каржылоо | 2014-2015-жылдар | ФМ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | Бюджеттин чегинде |
3. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин социалдык-тиричилик жактан жашоо шартын жакшыртту боюнча иш-чаралар | ||||
20 | Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин, ооруктун эмгекчилеринин, концлагерлердин жашы жетпеген туткундарынын, Ленинград курчоосунда калгандардын, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жесирлеринин жашоосунун социалдык жана турак жай-тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча чараларды көрүү | 2013-2015-жылдар | КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | РБ, ЖБ (бюджеттин чегинде) |
21 | Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин диспансердик текшерүүдөн өткөрүү жана ден соолугун чыңдоо: - кошумча дары каражаттары менен камсыз кылуу; - диагностикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү | Дайыма | ССМ, ММКФ | РБ, ЖБ (бюджеттин чегинде) |
22 | Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз бой жашаган ардагерлерин үйдө социалдык жана стационардык социалдык мекемелерде тейлөөнү уюштуруу | Дайыма | СӨМ, ЖӨБО | РБ, ЖБ (бюджеттин чегинде) |
23 | Улуу Ата Мекендик согуштун муктаж болгон ардагерлерин протездик-ортопедиялык буюмдар жана кресло-коляскалар менен камсыздоо | Зарылдыкка жараша | СӨМ | РБ (бюджеттин чегинде) |
24 | Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине республикалык бюджеттен каржылануучу ай сайын жана жыл сайын берилүүчү социалдык төлөмдөрдү өз убагында төлөө | Жыл сайын, дайыма | СӨМ, ФМ, СФ | РБ |
25 | Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, майыптардын жесирлерине, катышуучуларга жана курман болгондордун үй-бүлөсүнө жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын жана демөөрчүлүк жардамдарды тартуу менен кошумча материалдык колдоо көрсөтүү | 2014-2015-жылдар | КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
26 | Кайрымдуулук негизинде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин үйүндө социалдык-тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу (чач тарач, тигүү кызматтары ж.б.) | 2014-2015-жылдар | КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
27 | Уюмдардын жана ишканалардын Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз бой ардагерлерине шефтик жардамды уюштуруу | 2014-2015-жылдар | Министрликтер жана ведомстволор, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | Бюджеттен тышкаркы каражаттар |
28 | Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине даректүү социалдык жардам көрсөтүү боюнча волонтердук кыймылды уюштуруу | 2014-2015-жылдар | ЭМЖМ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | Бюджеттен тышкаркы каражаттар |
4. Эстеликтерди жана мемориалдык комплекстерди көрктөндүрүү боюнча иш-чаралар | ||||
29 | Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында каза болгондордун эстелигин түбөлүккө калтыруучу эстеликтерди жана мемориалдык комплекстерди оңдоо иштерин жүргүзүү жана көрктөндүрүүнү | Жыл сайын | ММТМ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | РБ, ЖБ (бюджеттин чегинде) |
30 | Улуу Ата Мекендик согушка катышып, курман болгон Кыргызстандык жоокерлердин урматына зарылдыкка жараша эстелик такталарын орнотуу | 2014-2015-жылдар | КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ардагерлердин коомдук уюмдары (макулдашуу боюнча) | ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
31 | Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эстеликтерине жана мемориалдык комплекстерине гүлчамбарларды жана гүлдөрдү коюу | 2014-2015-жылдардын май айы | КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
5. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында көрсөткөн эрдиктерин жана баатырдыктарын түбөлүккө калтыруу, жарандык мекенчилдикти жана сыймыктануу сезимин тарбиялоо боюнча иш-чаралар | ||||
32 | Билим берүү мекемелеринде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган бурчтарды, музейлерди, эскерүү стенддерин жана "Эскерүү вахтасын" уюштуруу | 2014-2015-жылдар (окуу жылынын ичинде) | БИМ, ММТМ, ЭМЖМ, ИИМ, КМ, ЖМА, ЖӨБО | Бюджеттен тышкаркы каражаттар |
33 | Билим берүү мекемелеринин окуучуларынын арасында "Эч ким, эч нерсе унутулбайт" деген темада республикалык жана райондук сүрөт сынактарын өткөрүү | 2014-жылдын январь-май айлары | БИМ, ММТМ, ЭМЖМ, ФМ, ЖМА, ЖӨБО | Бюджеттен тышкаркы каражаттар |
34 | Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Кыргызстандык баатырлардын жасаган эрдиктеринин мисалында билим берүү мекемелеринде каармандык сабактарын өткөрүү | 2015-жылдын апрель-май айлары | КМ, БИМ, ММТМ, ЭМЖМ, ардагерлердин коомдук уюмдары (макулдашуу боюнча) | Бюджеттен тышкаркы каражаттар |
35 | "Чоң атам менен сыймыктанам!", "Атам менен сыймыктанам!" деген ураандын алдында жаштардын катышуусу менен салтанаттуу жүрүштөрдү өткөрүү | 2015-жылдын май айы | ЭМЖМ, КМ, БИМ, ЖМА, ЖӨБО, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
36 | Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган сүрөт искусствосунун чыгармаларынын көргөзмөлөрүн, лекцияларды, кино жана телефильмдерди, радио жана телекөрсөтүүлөрдү уюштуруу жана өткөрүү | 2014-2015-жылдар | ММТМ, КТРК жана ЖМК (макулдашуу боюнча) | Бюджеттен тышкаркы каражаттар |
37 | Улуу Ата Мекендик согуштун согуштук аракеттерине катышкан Кыргызстандыктарга жана ооруктун эмгекчилерине арналган күжүрмөн жана эмгек даңкы стенддерин ачуу | 2014-2015-жылдар | КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО | ЖБ, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
38 | Аскердик бөлүктөрдө жана башка аскердик түзүмдөрдө "Ачык эшик күнүн" өткөрүү | 2015-жылдын май айы | КМ, ИИМ ИА, ӨКМ, ЖАМК, МУКК | Бюджеттен тышкаркы каражаттар |
39 | Жалпыга маалымдоо каражаттарында Улуу Ата Мекендик согуштун Кыргызстандык катышуучуларына, ооруктун эмгекчилерине, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан Кыргызстандык аялдарга арналган тематикалык рубрикаларды уюштуруу | 2014-2015-жылдар | ММТМ, КТРК (макулдашуу боюнча), ЭлТР, "Эркин Too" гезити, "Кыргыз Туусу" басма үйү, "Слово Кыргызстана" басма үйү ж.б. ЖМК (макулдашуу боюнча) | Бюджеттен тышкаркы каражаттар |
40 | Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында спорттун аскердик-прикладдык түрлөрү боюнча республикалык спартакиаданы өткөрүү | 2014-2015-жылдар | БИМ, КМ, ФМ, ММТМ, Спорт агенттиги, ЭМЖМ | Бюджеттин чегинде |
41 | Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган салтанаттуу мааракелик Митинг-Реквиемди өткөрүү | 2015-жылдын 9-май айы | КМ, ИИМ, ӨКМ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | Бюджеттин чегинде |
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-мартындагы № 132-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыскартуулардын тизмеси:
КМ | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлиги |
АЧММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
ЭМЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги |
МУКК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
КРӨ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү |
МЧК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы |
Спорт агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
ММБФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду |
СФ | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
ЖМА | - | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ЖӨБО | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
УИА | - | Кыргыз РеспубликасынынУлуттук илимдер академиясы |
КТРК | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы |
ЖМК | - | Жалпыга маалымдоо каражаттары |