Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 30-марты№ 136-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен Эстония Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана технологияларды өткөрүп берүү борборунун ортосундагы Эки тараптуу кызматташтык жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (мындан ары - Кыргызпатент) жана Эстония Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана технологияларды өткөрүп берүү борбору (мындан ары - EIPTTC),
инновацияда экономикалык инвестицияларды, ошондой эле ишкердикке шыктандырууга колдоо көрсөтүүчү улуттук жана дүйнелүк экономиканы өнүктүрүүдө интеллектуалдык менчиктин маанилүүлүгүн таанып,
маалыматтарды, тажрыйбаларды дайыма алмашуу, окутууларды жана башка иш-чараларды биргелешип өткөрүү үчүн механизмди түзүү аркылуу интеллектуалдык менчиктин колдонулуп жаткан системаларын күчөтүү үчүн Тараптардын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалап,
ушул Эки тараптуу кызматташтык жөнүндө меморандумга (мындан ары - «Меморандум») кол коюуга макулдашты.
1- берене. Негизги жоболор
1.1 Ушул Меморандум интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо жана өз ара пайда көрүү менен тендиктин негизинде инновациялык иштерди өнүктүрүү жаатында Тараптардын кызматташтыгы үчүн негиз болуп саналат.
1.2. Меморандумдун алкагындагы иш Кыргызпатент менен ЕIРТТСнын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты күчөтүүтө, интеллектуалдык менчикти башкаруу системасын жакшыртууга, интеллектуалдык менчикти укуктук коргоонун майнаптуулугун жана пайдаланууну жогорулатууга, коомчулукка интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү маалымат берүүнү жогорулатууга, интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында маалымат алмашуу жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү аркылуу кесиптик кендүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган.
2- берене. Кызматташуу чөйрөсү
2.1. Тараптар ез ара кызыкчылыкты көздегөн бирге иштөөнү-н төмөнкүдөй багыттарын аныкташты:
- интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо жана инновациялык ишти өнуктүрүү жаатында дайыма маалымат алмашуу;
- интеллектуалдык менчик жана инновациялык иш жаатындагы адистерди кесиптик даярдоону уюштуруу боюнча биргелешип иш жүргүзү-ү;
- интеллектуалдык менчик жаатында стратегиялык өнүктүрүү маселелери боюнча тажрыйба алмашуу;
- интеллектуалдык менчиктин укук колдонуусун талдоо жана Тараптардын мыкты антиконтрафакттык системасын орнотуу;
- Кыргыз Республикасындагы инновациялык системаны талдоо;
- маалыматтык технологияларды пайдалануу менен интеллектуалдык менчик жаатында Кыргызпатенттин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу;
- инновациялык/экономикалык өсүүнү илгерилетүүдө интеллектуалдык менчиктин ролу жөнүндө семинарларды, тегерек столдорду жана конференцияларды биргелешип өткөрүү жана калкка интеллектуалдык менчик маселелери боюнча маалымат берүүнү жогорулатууга багытталган билим берүү иш-чараларына катышуу;
- таанышуу визиттерин уюштуруу.
3- берене. Чектөөлөр
3.1. Ушул Меморандум бул жааттагы эки ведомствонун ыйгарым укуктарына ылайык интеллектуалдык менчикке укуктарды алуу, пайдалануу жана коргоо маселелери боюнча эки тараптуу кызматташуу үчүн алкактарды берет.
3.2. Ушул Меморандумдун алкагында иш-чараларды ишке ашыруукаражаттар жана адам ресурстары болгондо, ошондой эле ар бир Тараптын бюджеттик артыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
4- берене. Корутунду жоболор
4.1. Тараптар эгер ушул Меморандум узартылбаса, ал боюнча башталган долбоорлорду бүткөрү-ү үчүн бардык зарыл болгон куч-аракеттерди жумшайт.
4.2. Ушул Меморандумду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан ар кандай келишпестиктер жана талаш-тартыштар сүйлөшүгүлөр жана консультациялар аркылуу чечилет.
4.3. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Меморандумга өзгөртүү'лөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуучу өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Меморандумдун 4-беренесинин 4.4-пунктунда каралган тартипте күгчүнө кирет.
4.4. Ушул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана үч жыл күчүнде болот. Анын күчү Тараптардын бири экинчи Тарапка анын күчүн токтотууга өзүнүн ниеттенгендиги жөнүндө жазуу жүзүндө билдирмейинче өзүнөн-өзү кийинки үч жылдык мезгилге узартылат. Мындай билдирүү болгон учурда аны экинчи Тарап алган датадан тартып отуз (30) күн өткөндөн кийин Меморандум өзүнун күчүн токтотот.
4.5. шаарында 2015-жылдын «____» _________ ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы үчүн
| Эстония Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана технологияларды өткөрүп берүү борбору үчүн |
Марат Назарбеков Төрага
| Мариус Кунингас Башкы директор |