Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 2-апрели № 143-р
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Индия Республикасынын Текстиль өнөр жай министрлигинин ортосунда Текстиль өнөр жай тармагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун мамлекеттик тилде тиркелген долбоору көңүлгө алынсын.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жана Индия Республикасынын Текстиль өнөр жай министрлиги,
Текстиль, тигүүчүлүк өнөр жайында жана саркеч кийимдерди чыгаруу тармагындагы иштиктүү байланышты жана кызматташтыкты кеңейтүү жолу аркылуу Тараптар соода жана экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө бел байлап жатышкандыктарын эске алуу менен,
Жана бул тармактардагы кызматташтык Тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы сооданын өнүп - өсүшү үчүн өз ара пайдалуу болот деген ишенимде:
Төмөнкүлөр туурасында макулдашышты:
1-берене
Теңчилик, өз ара пайда жана өз ара түшүнүшүүлөрдүн негизинде эки өлкөдө тен текстилдик жана тигүүчүлүк өндүрүштү өнүктүрүү боюнча жалпы кызыкчылыктарга таянуу менен Тараптар жибек өндүрүү, жибектен кездемелерди чыгаруу менен бирге өз компетенцияларынын чегинде жана Тараптардын мамлекеттеринин иштиктүү мыйзамдарына. ошондой эле Тараптардын катышуусу менен болгон эл аралык макулдашууларга ылайык текстилдик жана тигүүчүлүк өндүрүш тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты кенейтүү. ошондой эле соода - экономикалык байланыштар менен инвестицияларды тартуу тармагында колдон келген бардык аракеттердин натыйжасында өнүктүрүү боюнча кызматташтык жүргүзүшөт.
2-берене
Тараптар текстилдик жана тигүүчүлүк өндүрүштү. жибек жана жибек кездемелерин өндүрүүнү, ошондой эле өз мамлекеттеринин ички рыногунда саркеч кийимдерди өндүрүүнү колго алуу үчүн бардык техникалык жана соода ишмердиги боюнча бири-бирине көмөк көрсөтөт. Тараптар. бул багытта кызматташуу үчүн эки тараптуу макулдашуу боюнча биргелешкен соода миссияларын түзүүнү кеңейтет. Тараптар. бул багытта кызматташуу үчүн эки тараптуу макулдашуу боюнча биргелешкен соода миссияларын түзүүнү кеңейтет.
3-берене
Тараптар улуттук мыйзамдарга ылайык текстилдик тармактарда бирдиктүү ишканаларды түзүү, енөр жай, маркетинг, лизинг, башкаруу өңдүү инвестициялык кызматташтыктардын ар кыл формаларын колдоо боюнча көмөк көрсөтүшөт.
4-берене
Тараптар изилдөө жана иштелмелер тармагында бири-бирине жардам көрсөтүү менен иштелмелер жана өндүрүш тармагында техникалык кызматташтыкка барышып, текстиль жана кийим: жибек, жибек өндүрүү жана саркеч кийимдердин технологиясы боюнча бекитилген эл аралык талаптарга ылайык изилдее, тестирлое жана тастыктоолорду өткөрүшет. Ошондой эле Тараптар квалификацияны жогорулатуу, окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, бирдиктүү илимий, өндүрүш жана башка кезигишүүлөрдү өткөрүп, бул тармакта тажрыйба алмашууларды уюштурууда бири-бирине көмөк көрсөтүшөт.
5-берене
Тараптар бири-биринин рыногуна текстилдик жасалгалар менен кийимдерди экспорттоо жаатында кызматташуу менен бирге соода көргөзмөлөрүнө эки тараптын бизнес-делегацияларын, көргөзмө катышуучуларын жана сатып алуучуларынын, тараптардын сатуучулар менен сатып алуучулардын чогулуштарына жана бизнес-форумдарга катышуусуна кемөк көрсөтүшөт.
6-берене
Тараптар саркеч кийимдердин технологиясы жана жибек кездемелер менен жибек ендүрүү боюнча кызматташтыктын деталдарын талкуулоо үчүн текстилдик-тигүүчүлүк өндүрүш тармагындагы техникалык эксперттердин, адистердин жана окумуштуулардын иш сапарларын уюштурууга көмөк көрсөтүшөт.
7-берене
Тараптардын тең төрагалары болуп Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Индия Ресубликасынын Текстиль өнер жай министрлигинин тиешелүү деңгээлдеги кызмат адамдары болуп саналышкан бирдиктүү жумушчу топту (БЖТ) түзүү женүндө макулдашышты. БЖТ Меморандумдун чегинде Тараптардын ортосундагы сооданы арттыруу жана инвестицияларды ишке киргизүү боюнча кызматташтыктын деталдарын изилдейт.
8-берене
Ушул өз ара түшүнүшүү женүндө меморандумдун жоболорун талкуулоо, жүзөгө ашыруу же колдонуу учурунда келип чыккан карама-каршылыктар же пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы кенешүүлөр жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
9-берене
Бул Меморандум эл аралык келишим болуп саналбайт жана эч кандай укуктук милдеттерди жүктөбейт.
Ушул оз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум Тараптардын ички мамлекеттик жол-жоболорунун аткарылгандыгы тууралуу кат жүзүндө акыркы билдирүүнү алгандан кийин күчүнө кирет жана 5 (беш) жыл бою күчүндө болот. Эгерде Тараптардын кайсы бири меморандумдун мөөнөтүнүн бүтөөрүнө үч ай калганга чейин экинчи тарапка өзүнүн ою туурасында кат жү'зү'ндө билдирүү жасабаса, анын мөөнетү автоматтык түрдө 5 (беш) жылга узартылат.
Кыргыз жана англис тилдеринде 2 (эки) нускада 2015-жылдын ______ түзүлдү жана нускалардын баары бирдей күчкө ээ.
Талкуулоо учурунда ар кандай пикир келишпестиктер келип чыкса, англис тилиндеги текстке басым жасалат.
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги үчүн
| Индия Өкмөтүнүн Текстиль өнөр жай министрлиги үчүн
|