Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 6-апрели № 152-б
"Дүйнө элдеринин эпостору" III эл аралык эпикалык маданий фестивалын даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. "Дүйнө элдеринин эпостору" III эл аралык эпикалык маданий фестивалын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир айлык меөнеттө "Дүйнө элдеринин эпостору" III эл аралык эпикалык маданий фестивалын даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, "Дүйнө элдеринин эпостору" III эл аралык эпикалык маданий фестивалына келе турган катышуучуларга визаларды тариздөөдө жана берүүдө акысыз негизде визалык колдоо көрсөтүүнү ишке ашырууда ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
4. Иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттик каражаттарынын чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Ниязалиева Дамира Абаскановиа | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Максутов Алтынбек Аскарович | - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Самаков Карганбек Садыкович | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри; |
Лаврова Ольга Владимировна | - Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Сариев Темир Аргембаевич | - Кыргыз Республикасынын Экономика министри; |
Сариева Эльвира Кубанычбековна | - Кыргыз Республикасынын Билим берүу жана илим министри; |
Турганбаев Мелис Токтомамбетович | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри; |
Табалдисв Бусурманкул Беркутович | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы; |
Кулматов Кубанычбск Кеңешович | - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Эркебаев Абдыганы | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти; |
Акматалиев Абдылдажан Амантурович | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти; |
Ахмедов Орунбай Козубаевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Архивдик агенттигинин директору; |
Жакиев Бексултан Жакиевич | - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча); |
Корчуева Эльнура Асылбековна | - ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы (макулдашуу боюнча); |
Карыпбеков Илим Майрамбекович | - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Саалаев Жедигер Ибраимович | - "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактор |
Осмонов Карызбай Арапбаевич | - Т.Сатылганов атындагы. Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору. |