Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 9-апрели № 153-б
1990-жылдын 18-декабрындагы баардык эмгекчи - мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо жөнүндө Эл аралык конвенциянын аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын алгачкы докладын 2015-жылдын 12-15-апрелинде Женева шаарында (Швейцария), БУУнун баардык эмгекчи-мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча комитетинде берүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын делегациясынын Женева (Швейцария) шаарына баруусу жана анда болуусу менен байланышкан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын делегациясынын Женева (Швейцария) шаарында болуусу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Искакова Г.Т. | - Кыргыз Республикасынын Швейцария конфедерациясындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү, делегациянын жетекчиси; |
Сарыбаев Ч.А. | - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин качкындар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн начальниги; |
Токтолиева Ч.А. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин кеңешчиси; |
Джумашев Н.Т.* | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Онунчу башкы башкармалыгынын начальниги; |
Орозобек уулу Максат
| - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам аллындагы актылардын долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын башкы адиси. |
(*) - командировкага эл аралык уюмдардын каражаттарынын эсебинен жиберилет.