Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 14-апрели № 154-б
Балыкчы шаарындагы нефтебазаларды эксплуатациялоо менен байланышкан маселелерди жөнгө салууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Балыкчы шаарындагы нефтебазаларды эксплуатациялоо менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия 2015-жылдын 10-майына чейинки мөөнөттө Балыкчы шаарындагы нефтебазаларды эксплуатациялоо менен байланышкан маселелерди иликтесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия төмөндөгүлөргө укуктуу экени белгиленсин:
- белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга;
- иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн керектүү маалыматты мамлекеттик органдардан сурап алууга.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агрөөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Сарпашев Т.Д. | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Атаджанов С.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчелөрү:
Горин О.В. | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Алимбеков Д.К. | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Артыкбаев Р.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Халитов М.Г. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Толонгутов Б.М.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу борборунун директору; |
Джаныбеков А.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Турдубаев М.Ж. | - Балыкчы шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Сыдыков А. | - "Данко" коомдук фондусунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Канаев Ж.Ж. | - Улгайгандар үчүн ресурстук борбордун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Исабеков Б.Е. | - Улуу курактагыларды окутуу борборунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Кожогулов Б.К. | - "Кен-Тоо" долбоорлоо-изилдөө борбору долбоордук уюмунун директору (макулдашуу боюнча); |
Таштанбеков И.А | - "Газпром нефть Азия" ЖЧКсынын экологиялык коопсуздук боюнча жетектөөчү адиси (макулдашуу боюнча). |