Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 16-апрели № 160-р
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кувейт Мамлекетинин Өкмөтү (мындан ары "Макулдашуучу Тараптар" деп аталат);
экономикалык жана техникалык кызматташтык Макулдашуучу Тараптардын ортосунда туруктуу, узак мөөнөттүү негизде эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жана өз ара ишенимдин олуттуу жана милдеттүү компоненти экендигин таанып,
туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, жарандардын жашоо- турмушунун стандарттарын жакшыртуу, болгон жаратылыш жана адам ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максаттарын жетекчиликке алып;
эки мамлекеттин экономикалык жана техникалык өз ара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүүнү жана тереңдөтүүнү каалап, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1- береке
Макулдашуучу Тараптар зарыл чараларды көрүү менен экономикалык жана техникалык кызматташтыкты илгерилетүүдө биргелешип күч-аракет жумшашат.
2- берене
Ушул Макулдашууда айтылган кызматташтык жааттары төмөнкүлөрдү камтыйт: экономика, техникалык кызматташтык. финансы, соода, айыл чарбасы, туризм жана ар кандай башка тармактар, аларды Макулдашуучу Тараптар кошумча сүйлөшүүлөрү мүмкүн.
3- берене
Макулдашуучу Тараптар тийиштүү мекемелер менен юридикалык жактардын ортосунда биргелешкен ишканаларды жана компанияларды түзүү жолу менен экономикалык жана техникалык кызматташтыкты күчөтүшөт.
4- берене
Макулдашуучу Тараптар өз мамлекеттеринин колдонулган улуттук мыйзамдарына ылайык өз мамлекеттеринин ортосундагы инвестицияларды жана капиталдын, товарлардын кыймылын жана кызмат көрсөтүүлөрдү колдошот.
5- берене
Ушул Макулдашуудагы эч нерсе жалпы рыноктон, ЕАЭСтен жана ар кандай региондук же субрегиондук преферинциялык макулдашуулардан келип чыккан преференцияларды же артыкчылыктарды кандай режим болбосун учурдагы же болочоктогу пайдага жайылтуу кайсыл бир Макулдашуучу Тараптын милдети катары чечмеленбөөгө тийиш.
6- берене
Макулдашуучу Тараптар өз мамлекеттеринин колдонулуудагы улуттук мыйзамдарына ылайык эки тараптуу экономикалык жана техникалык кызматташтыкты чыңдоо үчүн көргөзмөлөрдү уюштурууну кошкондо, экономикалык жана техникалык өкүлдөрүнүн жана делегацияларынын өз ара визиттерин колдошот.
7- берене
Зарыл болгон учурда Макулдашуучу Тараптар ушул Макулдашуунун 2-беренесинде жана башка атайын долбоорлордо айтылган кызматташтыктын тармактарына карата ушул Макулдашуунун негизинде өзүнчө макулдашууларды түзүшөт, алар Макулдашуучу Тараптардын ортосунда макулдашылышы мүмкүн.
8- берене
1. Ушул Макулдашууну натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Макулдашуучу Тараптардын өкүлдөрүнөн турган Биргелешкен Комиссия түзүлөт.
2. Биргелешкен Комиссия кезеги менен Макулдашуучу Тараптардын борборлорунда эки жылда бир жыйын өткөрөт.
3. Кувейт Мамлекетинин Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген мамлекеттик орган Биргелешкен Комиссиянын ишине теңтерагалык кылышат.
4. Биргелешкен комиссия төмөнкүлөрдү карайт:
(а) Макулдашуучу Тараптардын ортосундагы экономикалык жана техникалык кызматташтыкты колдоо жана биргелешип координациялоо;
(b) ушул Макулдашууну жана андан келип чыгуучу макулдашууларды ишке ашырууга багытталган сунуштарды жылдыруу жана кароо; жана
(c) кандайдыр бир макулдашууну жана долбоорду аткаруунун жүрүшүндө пайда болушу мүмкүн болгон тоскоолдуктарды четтетүү максатында сунуштамаларды иштеп чыгуу, алар ушул Макулдашууга ылайык түзүлүшү мүмкүн.
9- берене
Макулдашуучу Тараптардын ортосунда ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөнүн же колдонуунун натыйжасында келип чыккан ар кандай талаштар сүйлөшүү же консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечилет.
10- берене
1. Ушул Макулдашуу ар бир Макулдашуучу Тарап дипломаттык каналдар боюнча ушул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жобонун аяктагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө бири-бирине жиберген билдирүүнү акыркысы алган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Макулдашуучу Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча Макулдашуучу Тараптардын ортосунда дипломаттык каналдар боюнча Ноталарды алмашуу жолу менен ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Өзгөртүүлөр ушул берененин (1) пунктуна ылайык күчүнө кирет.
3. Ушул Макулдашуу беш (5) жыл мөөнөткө түзүлөт жана Макулдашуучу Тараптын бири анын колдонулуу мөөнөтү аяктаганга алты ай калганга чейин дипломаттык каналдар боюнча экинчи Макулдашуучу Тарапка жазуу жүзүндө ушул Макулдашуунун аракетин токтотуу ниетин билдирбесе, ушундай мезгилдерге өзүнөн-өзү узартылат.
11- берене
Ушул Макулдашуунун аракетинин токтотулушу ушул Макулдашуу колдонулган мезгилде түзүлгөн макулдашуулардын, долбоорлордун жана иш-чаралардын аныктыгына же узактыгына ушундай өз алдынча макулдашуулар, долбоорлор жана иш-чаралар аяктаганга чейин таасир бербейт.
Өздөрүнүн тийиштүү өкмөттөрү ыйгарым укук берген төмөндөгү кол койгондор муну ырастап ушул Макулдашууга кол коюшту.
________ шаарында 201_____ жылдын "______" _______ аткарылды, тийиштүү ______ 1436Н, эки нускада, ар бири кыргыз, араб, орус
жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
| Кувейт Мамлекетинин Өкмөтү үчүн
|