Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 20-апреля № 166-р
Кадрдык өзгөртүүлөргө байланыштуу "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо II фаза" долбоорун ишке ашыруу боюнча маселелерди алдыга жылдыруу максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-сентябрындагы № 396-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо II фаза" долбоору боюнча Азия өнүктүрүү банкы жана Евразия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын курамына киргизилсин:
Турдубаев Кубанычбек Апышевич | - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри, расмий делегациянын жетекчиси; |
Скрипкина Галина Анатольевна | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Жакыпов Кылычбек Джумадилович | - Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Дооталиев Улан Тимурович | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Абдыбеков Азаматбек | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Толубаев Таалайбек Матмусаевич | - "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
- расмий делегациянын курамынан О.М. Артыкбаев, Э.А. Сакебаев, Ж.Ж. Мамбеталиева, СТ. Муканбетов, Б.А. Шаршеналиев, А.Н. Исраилов чыгарылсьш.
Премьер-министр |
|