Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 21-апрели № 169-б
Талды-Булак Сол жээк кенинин кен руднигинин курулушунун техникалык чечимдерин жана техникалык-экономикалык негиздемесин макулдашуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Талды-Булак Сол жээк кенинин кен руднигинин курулушунун техникалык чечимдерин жана техникалык-экономикалык негиздемесин макулдашуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия Талды-Булак Сол жээк кенинин кен руднигинин курулушунун техникалык чечимдерин жана техникалык-экономикалык негиздемесин макулдашуу боюнча корутундуну Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине бир айлык мөөнөттө берсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Сарпашев Т.Д. | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасы; |
Касымалиев А.А. | - Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Зилалиев Д.Т. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү:
Азимов А.К. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Баетов Б.И. | - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы; |
ДалбаевТ.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалану бөлүмүнүн кен пайдалануу секторунун башчысы; |
Артыкбаев Р.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Рустамова А.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Тагаев Р.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Абдыбеков A.M. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Абдрахманов СУ.
| - «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын тышкы экономикалык байланыштар жана инвестициялар жана геологиялык иштер боюнча орун басары (макулдашуу боюнча); |
ДуйшеевО.Д. | - Кыргызстан геологдор жана өнөр жайчылар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Асаналиев Г.Б. | - көз карандысыз эксперт, металлург-кен байытуучу (макулдашуу боюнча); |
Толобекова Б.Т. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын геологиялык-экономикалык баалоо лабораториясынын начальниги. |