Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 21-апреля № 170-б
Шайлоочулардын тизмесин түзүү, актуалдаштыруу жана шайлоо күнү өз ара аракеттенүү боюнча аткаруу бийлик органдарынын жана усматривающих механизм взаимодействия органов исполнительной жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык ленпэл;теги власти и органов местного самоуправления с избирательными комиссиями шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү механизмин караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2015-жылдын 15-майына чейинки мөөнөттө шайлоочулардын тизмесин түзүү, актуалдаштыруу жана шайлоо күнү өз ара аракеттенүү боюнча аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү механизмин караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги 2015-жылдын 15-июнуна чейинки мөөнөттө ведомстволор аралык жумушчу топ иштеп чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко жүктөлген милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча керектүү маалыматтарды беришсин жана анын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
6. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Таштанов Нуржан Анарбаевич | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу, ведомстволор арапык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Убалиев Элдияр Ма.матжанович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары,ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Джурабаева Гульнар Курашбековна | - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Есеналиев Максат Кульчороевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кодификация секторунун башчысы; |
Алыкулов Рамке Муратбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу- инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн эксперти; |
Баймагамбетова Майра Алжановна | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук енүктүрү-ү, транспорт, курулуш жана комму никациялар бөлүмүнүн эксперти; |
Койчукулова Жибек Абдыкеримовна | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги; |
Бакасов Султан Бакасович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнуң башчысы; |
Карабаев Рашид Абдурасулович | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын улук инспектору; |
Ызакова Сайра Темирбековна | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо башкармалыгынын башкы адиси; |
Андашев Замирбек Дилдибекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын башкы адиси; |
Кожоев Чынгыз Эркинбекович | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери; |
Бейшекеев Эмильбек Кубанычбекович | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери; |
Бейшембаев Эрлан Мелисович | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери. |