Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 22-апреля № 173-б
Айыл чарба өндүрүшүнүн, тамак-аш жана кайра иштетүү ишканаларьшьш негизги каражаттарын жаңылоо, сервистик техникалык инфратүзүмүн кеңейтүү жана өлкөнүн айыл чарба субъекттеринин машина-трактор паркын модернизациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 9-июлундагы № 126 Мыйзамы менен ратификацияланган, Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы байланыштуу жардам көрсөтүү алкагында кредит берүү жөнүндө макулдашууну аткаруу үчүн "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы байланыштуу жардам көрсөтүү алкагында кредит берүү жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдапгуу) ишке ашыруу үчүн жооптуу орган катары аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Макулдапгуу колдонулуучу бүткүл мөөнөттүн ичинде кредит алуу жана мындай каражаттардын эсебин алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында эсеп ачсын;
- Польша Республикасынын Улуттук чарба банкына толук реквизиттерди жогоруда аталган банктын балансында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атына эсеп ачуу максатында берсин;
- «Айыл Банк» ачык акционердик коому менен төмөнкү шарттарда бюджеттик кредит берүү жөнүнде макулдашууну түзсүн:
улуттук валютада конвертациялоо менен 40 (кырк) млн. евро суммасында;
мөөнөтү 25 (жыйырма беш) жыл;
күрөөсүз негизде;
жылдык пайыздык ставка 4 (торт) пайыз;
негизги сумманы төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил 5 (беш) жыл; негизги сумманы жана пайыздарды төлөөнүн мезгилдүүлүгү 10-апрель жана 10-октябрь күндөрү белгиленсин;
мөөнөтү өткөн төлемдүн суммасына чегерилүүчү айьштык санкциялар белгиленген пайыздык ставкадан жылдык ашыкча 1 (бир) пайыз өлчөмүндө белгиленсин;
- Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Польша тарапка Макулдашууда аныкталган меөнөттөрдө отчет берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- айыл чарба субъекттерин-лизинг алуучуларды сунушталган техниканын параметрлери жана техникалык-экономикалык көрсөткүчтерү боюнча зарыл болгон маалымат жана консультацияларды берүүнү камсыз кылуу үчүн Польша Республикасынын тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жайы үчүн өндүрүүчү'-заводдордун жана айыл чарба техникасын, машиналарды жана жабдууларды берүүчүлөрдүн маалыматтар базасын түзсүн;
- Макулдашууда аныкталган мөөнөттөрдө Польша тарабына андан ары жөнөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Макулдашууну ишке ашьгруу боюнча отчетторду түзсүи жана берип турсун.
4. «Айыл Банк» ачык акционердик коому айыл чарба техникасын, кайра иштетүүчү жана өнөр жай жабдууларын айыл чарба субъекттерине, кайра иштетүүчү жана онөр жай ишканаларына төмөнкү шарттарда лизингге берсин:
а) лизингдин мөөнөтү - 7 (жети) жылга чейин;
б) улуттук валютадагы жылдык пайыздык ставка 9 (тогуз) пайыз;
в) лизинг алуучулардын баштапкы милдеттүү минималдуу салымы лизингдин предметинин наркынын 10 (он) пайызы;
г) лизинг алуучу тарабынан милдеттүү минималдуу баштапкы салым төлөнгөн учурда лизингдин предметинин өзү кошумча күрөө мүлкүн берүүсүз төлөөнүн кепилдиги катары чыгышы мүмкүн;
- айыл чарба техникасы боюнча - лизинг предметинин наркынын 30 (отуз) пайыз өлчөмү;
- тамак-аш кайра шлтетүүчү өнөр жайы үчүн лизинг предметинин наркынын 30 (отуз) пайыз өлчөмү;
- өнөр жай жабдуулары боюнча - лизинг предметинин наркынын 30 (отуз) пайыз өлчөмү;
д) лизингге техниканы алууну камсыздоо жана камсыздандыруу компаниясын тандап алуу лизинг алуучулардын кат жүзүндөгү макулдугу менен ыктыярдуу негизде жүргүзсүн.
Төлөмдөрдүн графиги бузулган учурда мөөнөтү өткөн мезгил үчүн «Айыл Банк» ачык акционердик коому төлөмдөрдүн мөөнөтү өткөн мезгил үчүн коммерциялык пайыздык ставкаларды колдонууга укуктуу болот.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна лизингге берилүүчү өзү жүрүүчү айыл чарба техникасына каттоо документтерин тариздөөнү жана берүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылсын.
Премьер-министр |
|