Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын21-апрели № 171-б
Стамбул шаарында (Түркия Республикасы) 2015-жылдын 22-25-апрелинде болуучу "CASA-1000" электр энергиясын берүү долбоору боюнча өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасыньш расмий делегациясы, тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Өкмөттер аралык кеңештин "CASA-1000" электр энергиясын берүү долбоорун ишке ашыруу максатында айрым укуктук документтердин акыркы тексттерин жактыруу жала алар менен байланышкан маселелер жөнүндө резолюциясынын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрине Өкмөттөр аралык кеңештин резолюциясынын аталган долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Турдубаев К.А. | - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри. делегациянын башчысы; |
Калиев А.Р. | - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Тулебердиев Р.Т. | - Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консул; |
Айткулов М.А. | "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
ТолубаевТ.М. | - "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча). |