Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 22-апрели № 176-б
Кыргыз Республикасынын жана Сербия Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторго ээ болгон жарандарынын өз ара барып-келүү режимин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин виза алуудан бошотуу тууралуу макулдашуунун долбоору, принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүлөрү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталат), эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасы менен Сербия Республикасынын ортосунда дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн өз ара барып-келүү жол-жоболорун жеңилдетүүнү каалап,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1- берене
Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекетинин жарактуу дипломаттык жана кызматтык паспортторго ээ болгон жарандары экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына эл аралык катнаштар үчүн ачык болгон мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункттары аркылуу визасы жок кирүүгө, чыгууга жана транзит менен өтүүгө жана ал Макулдашуучу тараптын мамлекетинин мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык анын аймагында визасыз болууга укуктуу болушат.
2- берене
Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде эскертилген адамдар экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына кирген күндөн тартып ал аймакта токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде визасы жок жүрүүгө укуктуу болушат. Болуу мөөнөтү ошол өлкөнүн мыйзамында белгиленген тартипте узартылышы мүмкүн.
3- берене
1. Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекетинин дипломаттык жана кызматтык паспорттуна ээ болгон, экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагындагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн же консулдук мекеменин кызматкери болгон жарандары, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү дипломатиялык өкүлчүлүктө расмий миссиясынын бүтүндөй мезгилинде экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына визасыз кирүүгө, чыгууга жана ал аймакта жүрүүгө укуктуу болушат.
2. Аккредитациялоочу мамлекеттин Элчилиги ушу л берененин 1-пунктунда эскертилген адамдардын кабыл алуучу мамлекеттин аймагындагы өздерүнүн иш орундарына келүүсү жана ал мамлекеттин аймагынан чыгып кетүүсү тууралуу кабыл алуучу мамлекеттин Тышкы иштер министрлигине алдын-ала кабарлашы керек.
4- берене
Ушул Макулдашуунун аракети таркатылуучу адамдар экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында болгон кезинде өздөрүнүн эл аралык укукка ылайык ээ болгон укуктарына жана жеңилдиктерине зыян келтирбестен, келген өлкөсүнүн мыйзамдарын урматтоого жана чет элдик жарандардын мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен жүрүү жана аймакта болуу жол-жоболорун жөнгө салуучу колдонуудагы эрежелерин сактоого милдеттүү.
5- берене
1. Макулдашуучу тараптардын ар бири ал өзү персона нон грата деп эсептеген, дипломаттык же кызматтык паспортко ээ болгон жаранды өзүнүн мамлекетинин аймагына киргизүүдөн баш тартууга же аймакта жүрүүсүн токтотууга укуктуу. Мындай баш тартуу тууралуу билдирүү экинчи Макулдашуучу тарапка дипломатиялык каналдар боюнча дароо жөнөтүлүшү керек.
2. Макулдашуучу Тараптардын ар бири коомдук тартипти, коопсуздукту же саламаттыкты сактоо максатында ушул Макулдашууну колдонууга толугу менен же анын айрым бөлүктөрүнө убактылуу чектөө киргизиши же убактылуу токтотушу мүмкүн. Экинчи Макулдашуучу тарапка мындай чектөөлөрдүн же убактылу токтотуунун киргизилиши тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу дароо билдирилет.
6- берене
1. Макулдашуучу тараптар ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду тараптар аткарган күндөн тартып отуз (30) күндөн кечиктирбей жарактуу дипломаттык жана кызматтык паспорттордун үлгүлөрүн, ошондой эле аларды колдонуу тартиби тууралуу маалыматтарды дипломатиялык каналдар аркылуу алмашат.
2. Макулдашуучу тараптар бири-бирине дипломатиялык жана кызматтык паспортторго киргизилүүчү өзгөртүүлөр тууралуу ал өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин алтымыш (60) күндөн кечиктирбей дипломатиялык каналдар боюнча маалымдайт.
7-берене
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык пикир келишпестиктер жана талаштар сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
8- берене
Макулдашууну тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана анын 9-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделет.
9- берене
1. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Макулдашууну тараптардын аткаргандыгы тууралуу акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып отузунчу (30) күнү күчүнө кирет.
2. Макулдашууну тараптардын ар бири ушул Макулдашуунун аракетин токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн токсон (90) күндүн ичинде дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Макулдашуучу тарапка жөнөтүү жолу менен анын аракетин токтото алат.
Төмөндө кол койгондор, бул максатта өздөрүнүн тиешелүү Өкмөттөрүнөн ыйгарым укук алгандар, муну ырастоо үчүн ушул Макулдашууга кол коюшту.
____ шаарында, 201____ -жылдын "_____ "_____ эки түп
нускада, ар бири кыргыз, серб, орус, жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Текстти чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Сербия Республикасынын Өкмөтү үчүн
|