РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 177-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 450-б өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу

Редакция23.04.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 23-апрели № 177-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 450-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн "Жерүй" алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна кайра конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамында:

- комиссиянын курамына киргизилсин:

Скрипкина Г.А.

- КСДП фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Асанбаев А.Ж.

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары;

Курманбаева A.M.

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгуу жана мыйзам долборлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын начальниги;

Абдыкадыров Т.М

- Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айылдык аймагындагы айыл өкмөттүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Орозалиев К.А

- Талас облусунун Талас районундагы Бекмолдо айылдык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

 

- Мамбеталиева Ж.Ж., Токтогулов А., Тербишалиев Д.О., Иманалиев Н.А., Бекмурзаев Д.Ж. комиссиянын курамынан чыгарылсын.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев