Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-апрели № 179-б
Көрүнүктуү мамлекеттик жана коомдук ишмер, атактуу» түрколог-лексикограф, кыргызча-орусча фундаменталдуу сөздүктү түзүүчү Константин Кузьмич Юдахиндин туулган күнүнүн 125 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык:
1. К.К.Юдахиндин туулган күнүнүн 125 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети эки жумалык мөөнөттө мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин, аны ишке ашырууну камсыз кылсын.
3. Иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардьш эсебинен төлөнсүн.
4. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Ниязалиева Дамира Абаскановна | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Эрматов Эгемберди Эрматович | - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, уюштуруу комитетинин терагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Рыспаев Кожобек Жайчыбекович | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри; |
Сариева Эльвира Кубаньгчбековна | - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; |
Максутов Алтынбек Аскарович | - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри; |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Эркебаев Абдыганы | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти; |
Саалаев Жедигер Ибраимович | - Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Слащева Тамара Михайловна | - "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Карыпбеков Илим Майрамбекович | - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |