КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-апрели № 183-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жыляын 2-августундагы № 326-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1- пунктунда:
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;»;
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.»;
- он биринчи абзацындагы «биринчи» деген сөз алып салынсын;
2- пунктунда:
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Башкы штабдын начальниги - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, УКБнын жетекчиси;»;
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги»
- бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Башкы штабынын Чек араны коргоо башкы башкармалыгынын начальниги;»;
- алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек араны контролдоо башкармалыгынын начальниги;»;
- он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын начальниги;»
- он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы контролун уюштуруу башкармалыгынын бажы жол-жоболору жана инфратүзүмү бөлүмүнүн начальниги;»;
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;»;
- жыйырма биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «ВОМСА программасынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү (макулдашуу боюнча).»;
Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек араны комплекстүү башкаруу тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча Улуттук координациялык борбор жөнүндө жободо:
- 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3- пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«УКБнын жетекчиси болуп Башкы штабдын начальниги - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары эсептелет.»;
- 8-пунктунун биринчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин кол башчысынын орун басары» деген сөздөр «Башкы штабдын начальниги -Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары» деген сездер менен алмаштырылсын.
Премьер-министр |
|